ЖАНТАЙ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ЖАНТАЙ Карабек уулу (1794, Чүй өрөөнү, Бейшеке айылы – 1867, ошол эле жер) – сарыбагыш уруусунан чыккан чоң манап. Анын кыргыз коомчулугуна белгилүү болушуна, биринчиден, акылы м-н жөндөмү, экинчиден башынан бий болуп келаткан ата-тегинин даңазасы жардам берген. Чоң атасы Атаке баатыр өз убагында жалпы кыргыз элине таанымал ишмер болуп, сарбагыш уруусунун тынай бутагын башкарган. Андан кийин бийлик анын уулу Таштанбекке өтүп, ал өлгөн соң Ж-га тийген. 1842– 55-ж. түн. кыргыздардын өз алдынча мамлекетин түзүүдөгү Ормон хандын иштерин колдоп, Кокон хандыгынын таасиринен чыгуу саясатына аралашкан. 1846–47-ж. Кенесары Касым уулунун кыргыздарга жасаган баскынчылык чабуулуна каршылык көрсөтүп, жеңишке жетишүүдө да чоң роль ойногондордун бири. 1850-жылдары адегенде Ормон хан м-н бирдикте, кийин түн. кыргыздарды бийлеген төбөлдөрдүн арасына Ногоев, Хабибулин сыяктуу орус тыңчылары жүргүзгөн тымызын үгүткө байланыштуу орус бийлигине жакындашуу саясатын колдогон. Бирок, Ормон хандын өлүмү себеп болгон бугу-сарбагыш чабышынан кийин алардан алыстай баштаган. Бул тууралуу пристав М. М. Хоментовский: «Жантай, Жаңгарач манаптарын өзүбүзгө бекем байлашыбыз керек» деп белгилеген. 1860-ж. октябрь айында Узун-Агач согушунда Кокон ханы Маланын аскерин колдогон түн. кыргыз манаптарынын ичинде Ж. да болгон. Бул согушта орус аскеринин кокондуктарды жеңиши Ж-га катуу таасир берип, кокондуктардан биротоло кол үзгөн. 1862-ж. Байтик Канай уулунун чакыруусу м-н келишкен орус аскери Пишпек чебин алганда, Ж. өз адамдары м-н Токмок чебин басып алган. 1864-ж. Кокон мамлекетинин жаңы кожоюну Алымкул аталыктын атынан түн. кыргыз манаптарын өз жагына тартуу үчүн келген Койчу парваначынын аракетин четке кагып, сарыбагыш уруусунун манаптары Төрөгелди баатыр, Менде, Кудаярлар м-н орус букаралыгын кабыл алуу максатында М. Г. Черняевге жолугууга барган. Ал 73 жашында каза болуп, мүрзөсүнө эстелик тургузулган. Анын орус империясынын карамагына өтүү саясатын уулдары Шабдан ж-а Манапбайлар улантышкан. Ж. алты аял алып, он бир эркек бала көргөн, урпактары көбүнчө Кемин, Чүй р-ндорунда, азыраагы Ысык-Көл р-нунда турушат. Р. Жолдошов.