ЖАНЫБАРЛАРДЫН ТҮЛӨШҮ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы

ЖАНЫБАРЛАРДЫН ТҮЛӨШҮ – жаныбарлар­дын терисинин, жүнүнүн, түгүнүн, сырткы ка­быкчаларынын мезгилдүү алмашылып турушу. О м у р т к а с ы з ж а н ы б а р л а р д ы н (рак сымалдар, көп аяктар, курт-кумурскалар муу­нак буттуулар, о. эле айрым курттар ж. б.) эски хитин кабыкчасын түшүрүп, жаңысынын пай­да болушу организмдин өсүшүнө, көбөйүшүнө шарт түзөт. Муунак буттуулар түлөгөндө, бел­гилүү стадияда эски кутикуласынын теңи эрип, денесинен бөлүнөт, анын ордуна эпидермис

клеткалары м-н жаңы кутикула секрециясы көбөйөт ж-а катууланат. Курт-кумурскалардын түлөшү клеткадагы хромосома аппаратына таасир берүүчү гормонго (экдизонго) байла­ныштуу. О м у р т к а л у у ж а н ы б а р л а р д ы н – жерде-сууда жашоочулардын, сойлоочу­лардын (крокодил м-н таш бакадан башкасы), канаттуулардын ж-а сүт эмүүчүлөрдүн түлөшү өсүү стадиясына эмес, жыл мезгилинин алма­шуусуна байланыштуу. Жерде-сууда жашоочу­лар темп-рага байланыштуу жайында түлөйт. Суук түшөрү м-н алардын түлөшү токтолот. Ка­наттуулар м-н сүт эмүүчүлөр түлөгөндө түсү өзгөрөт, алардын түлөшүн жасалма жол м-н жөнгө салып тездетүүгө болот. Түлөө мезгилин­де жаныбарларда зат алмашуу өзгөрөт (белок алмашуу, кычкылтекти керектөө күчөйт).