ЖАНЫБЕКОВ Чабалдай: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ЖАНЫБЕКОВ Чабалдай (6. 7. 1930-ж. т., Ысык- Көл р-ну, Чырпыкты кыш.) – техника илимд. доктору (1992), проф. (2001), КРдин илимге эмг. сиң. ишмери (1995). КМПИни бүтүргөн (1951). 1951–53-ж. Нарын мамл. мугалимдер ин-тунда улук окутуучу, 1953–67-ж. Кыргыз мамл. аялдар педин-тунун улук окутуучусу, доценти, деканы, кафедра башчысы, 1967-жылдан Кыргыз ССР ИАда улук ил. кызматкер, 1975–2008-ж. чейин КР УИАда лабор. башчысы. 2008-жылдан ошол эле жерде башкы ил. кызматкер. Колдонмо математика ж-а механика б-ча адис. 220дан ашык ил. эмгектин, а. и. 8 монографиянын, 7 окуу китебинин ж-а терминол. сөздүктөрдүн автору. Билим берүүнүн отличниги. Даңк медалы м-н сыйланган.
Эмг.: Математическое моделирование движения грунтовых вод в многослойных средах. Ф., 1982; Моделирование гидрогеодинамических процессов с применением ЭВМ. Ф., 1989. Математическое моделирование перенос влаги и солей. Б., 2008.