ЖАНЫМА: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЖАНЫМА – 1) и й р и с ы з ы к к а Ж. – ийри сызыкты кесип өтүүчү сызыктын пределдик абалын көрсөтүүчү түз сызык. L ийри сызыгында жаткан M ж-а M1 чекиттери аркылуу MM1 түз сызыгы жүргүзүлөт (1-чийме). M чекитин кыймылсыз деп алып, ага M1 чекитин L ийри сызыгы б-ча чексиз жакындатканда MM1 түз сызыгы MT түз сызыгына умтулса, анда MT түз сызыгы L ийри сызыгына M чекитиндеги Ж-сы деп аталат. Бардык эле үзгүлтүксүз ийри сызык Ж-га ээ болбойт, анткени MM1 пределдик абалга умтулбай калышы, же M1чекити M чекитине ар тараптан умтулган учурда эки пределдик абалга умтулушу мүмкүн (2-чийме). Эгерде ийри сызык y=f(x) теңдемеси м-н берилсе ж-а x=x0 чекитинде дифференциаланса, анда M чекити аркылуу өткөн Ж-нын бурчтук коэфф-и x0 чекитиндеги f(x)тин туундусунун маанисине барабар; бул чекиттеги жаныманын теңдемеси төмөнкүдөй болот: y–f(x0)=f′(x0)(x–x0)

2) а й л а н а г а Ж. – айлана м-н компланардуу ж-а аны м-н бир жалпы чекитке ээ болгон түз сызык. Айланага Ж. сызык ошол чекитте радиуска перпендикуляр болот.