ЖАҢГАК: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы

ЖАҢГАК , г р е к ж а ң г а г ы (Juglans) – өсүмдүктөрдүн жаңгактар тукумундагы уруусу.
Бийикт. 5–50 мге чейин жеткен, жалбырагын күбүмө, бир үйлүү дарак. Шагынын диаметри 10–12 м. Май айында гүлдөп, мөмөсү сентябр­дын аягынан октябрга чейин бышат. Мөмөсү

Жаңгак: 1– аталык гүлү; 2 – энелик гүлү; 3 – мөмөлүү бутагы; 4 – мөмөсү (жаңгагы).

данектүү, тоголок же сүйрү. Анда май, белок, А, В1 витаминдери бар. Анын 20дай түрү көбүнчө Түн. Европа, Чыгыш Азия, Түн. ж-а Түш. Аме­риканын мелүүн, субтропик, тропик алкакта­рында өсөт. КМШ өлкөлөрүндө 3 түрү негизи­нен тоодогу жазы жалбырактуу аралаш токой­лордо кезигет. Кырг-нда Фергана ж-а Чаткал кырка тоолорунун түш.-батыш беттеринде өнүп­өсүүсү үчүн өзгөчө табигый чөйрөнү талап кылуу­чу торгой флорасынын калдыгы – дүйнөдөгү ири Ж. токою өсөт. Аянты 35 миң га жерди ээлейт. Ж. мөмө дарагы катары, о. эле кооздук үчүн өстүрүлөт. Жыгачынан баалуу буюм, урук, ка­быгынан боёк, өңдөгүч зат алынат. Майы та­мак-ашка пайдаланылат, о. эле лак, самын жасоодо керектелет.