ЖАҢЫ ГЕБРИД АРАЛДАРЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы

ЖАҢЫ ГЕБРИ́Д АРАЛДАРЫ – жанартоонун атылышынан пайда болгон архипелаг. Тынч океандын түш.-батыш бөлүгүндө. Вануатуга ка­райт. Аянты 14,8 миң км2, бийикт. 1860 мге чейин. 60ка жакын жанартоо бар, анын 10у ара­кетте. Климаты тропиктик, нымдуу. Абанын айлык орт. темп-расы 20–27°С. Жылдык жаан­чачыны 1000 мм. Түндүгүндөгү аралдарын тро­пик токою, түштүгүндөгүлөрүн саванна ээлейт. Калкы 200 миңдей (2008). Бал камыш, кофе, какао, пахта өстүрүлөт. Эфат а-нда Вануатунун адм. борбору ж-а порту – Вила ш. жайгашкан. Ж. Г. а-н 1606-ж. португалиялык деңиз сая­катчы П. Кирос ачкан; 18-к-дын 70-жылдарын­да Ж. Кук изилдеп, атын койгон.