ЖАҢЫ-ЖЕР (Түндүк Муз океанындагы архипе­лаг): нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы

ЖАҢЫ-ЖЕР – Түн. Муз океанындагы архипе­лаг (аралдар тобу). Баренц ж-а Кара (Карск) деңиз-деринин аралыгында. Аянты 83 миң км2. Маточкин Шар ж-а көптөгөн майда аралдар м-н бөлүнгөн эки ири – Түн. (48,9 миң км2) ж-а Түш. (33,3 миң км2) а-нан турат. Бийикт. 1547 мге чейин (Түндүк а-нда). Аймагынын 1/ ге жа­кын бөлүгүн муз каптап жатат, анын көбү Түн. а-нда. Көп бөлүгү арктикалык чөл зонасына, Түш. а-нын бир аз бөлүгү арктикалык тундра зонасына кирет. Ак түлкү, деңиз айбанаттары (түлөн, суу арстаны) промысели бар. Куш «ба­зары». Уюлдук станциялар (Кичи Кармакула, Орус Гаваны, Үмүт тумшугу ж. б.) жайгашкан.