ЖАҢЫ-ЖЕР ТООСУ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы

ЖАҢЫ-ЖЕР ТООСУ Ички Теңир-Тоодогу Жаңы- Жер м-н Мүдүрүм өрөөндөрүнүн аралыгында. Бор­колдой тоосунун батыш уландысы. Уз. 104 км;

туурасы 17 км. Көбүргөндү-Бел м-н Келин-Тай­гак өрөөнүнөн батышка Кынды ашуусу м-н Үйүрмө өрөөнүнө чейин созулат. Орт. бийикт. 4000 м, эң бийик жери 4844 м. Тоонун аймагы девон ж-а карбон мезгилдеринин сланец, кум­дук, акиташ тектеринен түзүлгөн. Түш. капта­лында, адырларда палеогендин кызыл конгло­мераттары чыгып турат. Рельефи альп тибин­де. Батышка карай жапыздайт, капталдары өрөөндөр (Кең-Суу, Кашка-Суу, Ак-Байтал ж. б.) м-н тилмеленген. Байыркы муз каптоонун из­дери көп. Азыр да түн. беттеринде (Аюу-Төр, Суусар-Төр) мөңгүлөр бар. Бийик тоолуу талаа (3300–3600 м), субальп (3600–3900 м), альп шал­баалуу талаа ж-а субнивалдык (3900–4200 м) ландшафттар мүнөздүү. Түн. бетинде ж-а өрөөн­дөрдө сейрек жапалак арча өсөт.