ЖАҢЫ ЗЕЛАНДИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы

ЖАҢЫ ЗЕЛА́НДИЯ – Тынч океандын түш.- батышындагы мамлекет. Кук кысыгы аркылуу бөлүнгөн Түндүк (аянты 114,7 миң км2) ж-а Түштүк (150,6 миң км2) а-н, о. эле жамаатташ (Стьюарт, Сиэрс, Грейт-Барриер ж. б.) ж-а обо-

чо жайгашкан (Чатем, Антипод, Кермадек, Кэмп­белл ж. б.) аралдарды ээлейт. Ж. З-га Тынч океан­дын борб. бөлүгүндөгү Токелау, Кук, Ниуэ а. да кирет. Шериктештикте. Жалпы аянты 270,5 миң км2. Калкы 4 млн (2004). Борбору – Веллинг­тон. Акча бирдиги – жаңы зеландия доллары. Расмий тили англис тили. Адм.-айм. жактан 16 районго бөлүнөт.

Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2004)

Ж. З. – БУУнун (1945), Бүткүл дүйнөлүк банк­тын, ЭВФтин, Экон. кызматташуу жана өнүгүү уюмунун, АНЗЮСтун (1951–86), СЕАТОнун (1954), АНЗЮКтун (1971) ж. б. уюмдардын мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү.

Ж. З. – Шериктеш­тикке кирген конституциялык монархия. Мамл. башчысы – Улуу Британия королу дайындаган генерал-губернатор. Мыйзам чыгаруучу жогор­ку органы – бир палаталуу парламент (өкүлдөр палатасы). Өкүлдөр палатасы 120 депутаттан ту­рат, анын 62си шайлоо округдарынан, 51и пар­тиялык тизме м-н, 7 депутат маорилерден шай­ланат. Аткаруу бийлигин премьер-министр баш­карган өкмөт жүргүзөт. Өкмөттү парламентте көп орун алган партиянын лидери түзөт.
Негизги саясий партиялары: Лейбористтик партия, 1916-ж. негизделип, социал. реформа багытында иш жүргүзөт. 1999-жылдан бийлик­те. Улуттук партия 1936-ж. негизделип, ири иш­керлерге ж-а фермерлерге таянат. Жаңы Зелан­дия партиясы 1993-ж. уюшулган. Маорилердин мүдөөсүн колдогон «Мана Мотухаке о Аотеа­роа»(«Биздин мурас») саясий кыймылы 1974-ж. түзүлгөн. гоого алынган. Ж. З-нын эмблемасы катары ка­натсыз киви алынган. Гейзерлер ж-а ысык бу­лактар чыккан Вака-Реваревага көптөгөн ту­ристтер келет.

Калкынын

негизин жаңы зеландиялыктар же англ.-жаңы зеландиялыктар (78%тейи) ж-а мао­рилер (15%) түзөт, о. эле англистер, шотландык­тар, голланддар жашайт. Мамл. тили – англис тили. Көбү христиан динин тутат. Элинин 72%тейи Түндүк а-нда, 28%тейи Түштүк а-нда жа­шайт. Орт. жыштыгы 1 км2 жерге 12 киши. Шаар

Табияты.

Ж. З-нын аймагынын 3/ бөлүгүнөн

Окленд – порт шаар.

ашыгыраагын тоолор ж-а дөбө-дөңсөөлөр ээлейт. Эң ири ж-а бийик тоо системасы Түштүк а-нда­гы Түш. Альп тоосу (бийикт. 3664 м, Кук чоку­су). Тоонун кыр бөлүгү кар, мөңгүлүү (жалпы аянты 1000 км2). Түндүк а-нда тоолор азыраак, борб. бөлүгүнөн Жанартоо платосу орун алган, анда жер титирөө тез-тез болуп турат, аракет­теги жанартоолор, гейзерлер, ысык минералдуу булактар бар. Климаты Түндүк а-нда ж-а Түштүк а-нын түн. бөлүгүндө субтропиктик, деңиздик, калган аймактарында – мелүүн. Айлык орт. темп-расы 5–12°Сден 14–19°Сге чейин. Жылдык жаан-чачыны 400–700 мм, тоолордун айдарым капталдарында – 2000–5000 мм. Дарыялары сууга мол, гидроэнергияга бай. Жанартоолор­дон пайда болгон көлдөр көп. Тоо токой (23%), бадал ж-а шалбаа ландшафты басымдуу. Өсүм­дүктөр түрүнүн 3/ ү эндемиктер. Өлкөдөгү көптө­гөн улуттук парктарда ж-а коруктарда флора м-н фаунанын жоголуп бараткан түрлөрү кор-

Түндүк аралындагы ысык булактар чыккан жер.

калкы 83%. Ири шаарлары: Веллингтон (калкы 344 миң), Окленд (960 миң), Крайстчерч (345 миң), Гамильтон (160 миң), Данидин (120 миң).

Тарыхы

. Ж. З-га 10–14-к-да Полинезиядан келген маорилер отурукташкан. 1642-ж. Ж. З-га европалыктардан алгачкы жолу голланд де­ңиз саякатчысы А. Тасман барган. 1769-ж. аны англ. саякатчы – Ж. Кук изилдеген. 1839-ж. Британиялыктар отурукташа баштаган. 1840-ж. Ж. З. Улуу Британиянын колониясы деп жа­рыяланган. 1843-ж. англ. колониячыларга кар­шы маорилердин куралдуу күрөшү башталып, ал 1872-ж. гана басылган. 1907-ж. Ж. З. доми­нион статусуна ээ болуп, 1931-ж. сырткы ж-а ички иштерин өзү чечүүгө укук алган. 1945- жылдан БУУнун мүчөсү. Экинчи дүйнөлүк со­гуштан кийин Улуу Британия м-н саясий бай­ланышы начарлап, АКШ м-н саясий ж-а ас­кердик ынтымагы күчөгөн. АКШ тарапта Ко­рея согушуна (1950–53), Вьетнам согушуна (1965–70) катышкан. Ж. З. өкмөтү Тынч океан­дын түш. бөлүгүн ядросуз зонага айландыруу ке­лишимин (Раротонг келишимин) түзүүдө демил­гечилердин бири болгон. Айлана-чөйрөнү коргоо, глобалдык ж-а региондук тынчтыкты ж-а ко­опсуздукту чыңдоо, ядролук куралды таратпоо ж-а аларды сыноого каршы маселелер б-ча ту­руктуу көз карашта.

Экономикасы.

Ж. З. – а. ч. жогорку деңгээл­де өнүккөн индустриялуу-агр. өлкө. ИДП 97 млрд

АКШ долларын түзөт; андагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 65%, ө. ж-ныкы 25,8%, а. ч-ныкы 8,6%. Калктын 10%ке жакыны а. ч-нда, 25% ө. ж-нда, 65% тейлөө чөйрөсүндө иштейт (2004).
Ө. ж-нын башкы тармактары: тамак-аш, жы­гач, целлюлоза-кагаз, машина куруу, химия, тек­стиль. Тез темп м-н өнүгүп жаткан балык ө. ж-нын продукциясы негизинен экспортко чыгарылат. 1994-ж. 32,4 млрд кВт·с электр энергиясы өн­дүрүлгөн. Табигый газ, таш көмүр, титан-магне­титтүү кум, алтын, күмүш ж. б. казылып алынат.
А. ч-нын негизин жа­йытта асыралчу эт-жүн ба­гытындагы уй ж-а кой чар­балары түзөт. Алдыңкы технология м-н жабдылган а. ч. сектору негизинен экспортко багытталган. Ж. З. – эт-сүт азыктарын (сүт продукциясынын дүй­нөлүк рыногунун 25%ин көзөмөлдөйт), жүн (Ав­стралиядан кийинки 2- орунда), кой этин экспорт­тоочу дүйнөдөгү алдыңкы өлкө. 48,8 млн кой, 9,3 млн уй асыралат. Жыл сайын 1 млн тдан ашык эт, 200 миң тдан ашык жүн өндүрүлгөн. Негизинен тоют өсүмдүк­төрү, буудай, арпа, сулу өс­түрүлөт. Токой чарбалары бар; жыгач даярдалат.
Ж. З. сырткы сооданын өлчөмүн киши башына бө­лүштүргөндө дүйнөдө ал­дыңкы орундардын бирин ээлейт; экспорттон түшкөн киреше ИДПнин 30%ке жа­кынын түзөт.
Автомобиль жолунун уз. 91,9 миң км, темир жолу­нуку 3,9 миң км. Башкы порттору: Веллингтон, Ок­ленд, Литтелтон.
Экспортунун структура­сында эт-сүт продукция­лары, жүн, мөмө-жемиш, балык, жыгач басымдуу­лук кылат. Сырттан ө. ж. т ов ар л ар ын – м аши на, жабдуу, транспорт кара­жаттарын сатып алат. Бу­л ар жал пы и м пор т т у н 40%ин түзөт. Сырьё, нефть­химия продукцияларын да сатып алат.
Негизги соода шериктеш-

Жаңы Зеландия акчасы.
Уаиракен геотерм станциясы.
Кой жайыты.

тери: Австралия, Япония, АКШ, Кытай, Улуу Британия, Германия, Корей Респ., АСЕАН өлкө­лөрү.

Маданияты

. Ж. З-да 6–15 жаштагы балдар акысыз, милдеттүү түрдө окуйт. Андан ары алар мамл. ж-а жеке менчик колледждерден акы төлөп окуп бүтүп, ун-ттерге тапшырууга укук алат. Өлкөдө 7 ун-т бар, алар Веллингтон, Ок­ленд, Гамильтон, Палмерстон-Норт, Крайстчерч, Данидин ш-нда. Өлкөдө 5 борб. ж-а 23 элеттик, 100гө жакын аз нускалуу гезит, 600дөн ашуун ар түрдүү журнал, о. эле мезгилдүү ж-а атайын басылмалар чыгат. Күн сайын чыгуучу гезит­тери: «Доминион пост» (80 миң нуска), «Нью Зиленд геральд» (240 миң), «Отаго дейли таймс»

Англикан собору.

(50 миң), «Пресс» (100 миң). Мамл. 2 жалпы улуттук радиопрограмма, о. эле 30дан ашык коммерциялык радиостанция таандык. Жеке менчик сектордо 40тан ашык коммерциялык ра­диостанция иштейт. Телеберүү 3 программа (2 жалпы улуттук, бир жеке менчик) ж-а 3 спут­никтик телеберүү каналы б-ча жүргүзүлөт.
Ад-ты 19-к-дын 70-жылдарынан тартып анг­лис тилинде өнүккөн. Маори элинин фолькло­ру сакталган. Турак жайларды, чакан курулуш­тарды, үй-тиричиликке колдонулган буюмдар­ды түрлөнтө оймо-чиймелер м-н кооздоо – мао­ри мад-тынын мүнөздүү белгиси. 19-к-дын 2-жа­рымынан бери үстөмдүк кылган неоклассизм м-н неоготика духундагы үйлөр азыркы имарат­тар м-н алмашылган. Ж. З-нын жерг. эли – мао­рилердин муз. өнөрү байыркы убакта эле пайда болгон. Профессиялык музыкасы 19-к-да Евро­па музыка мад-тынын таасиринде калыптанып,

Жергиликтүү маорилер.

Жергиликтүү маорилер.


өнүккөн. Профессиялык театры 20-к-да пайда болгон. 20-к-дын 30-жылдарында ар түрдүү коомдордун, ун-ттер м-н мектептердин алдын­да ышкыбоздордун драма ж-а опера труппала­ры түзүлгөн. 1898-ж. алгачкы даректүү фильм тартылган. 1912-ж. Веллингтондо мамл. алгач­кы киностудия негизделген. Оклендде сүрөт га­лереясы (транспорт ж-а техника музейлери м-н), Парнелла атыр гүлдүү паркы, Веллингтон­до улуттук иск-во галереясы, Улуттук музей (эт­ногр. жана табигый тарыхы жаатындагы экс-

понаттардын коллекциялары м-н кошо) ж. б. ажайып жайлары бар.


Ад.: Андреева В. М. Новая Зеландия. Экономико­географическая характеристика. М., 1963; Страны мира. Справочник. М., 2005.