«ЖАҢЫЛ»: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы

«ЖАҢЫЛ» – кыргыздын «Жаңыл мырза» ат­туу баатырдык дастаны б-ча жазылган драма. Авторлору – К. Маликов, А. Куттубаев. Драма­да баш каарман Жаңылдын өз эл-жерин тыш­кы баскынчылардан коргоодогу эр жүрөктүүлүгү, патриоттук сезими даңазаланат. Драма алгач ирет 1941-ж. Нарын обл. драма театрында коюл­ган (реж. А. Көбөгөнов). Анда баш каарман­дардын ролун С. Сатыбалдиева (Жаңыл) м-н А. Көбөгөнов (Түлкү) аткарган. 1945-жылдан «Ж.» Кыргыз мамл. драма театрында да коюла баштап (реж. А. Свистунов), 1959-ж. жогорку про­фессионалдык деңгээлде коюлган (реж. В. Мол­чанов, көркөм жасалгалаган А. Торопов). Бул вариантта баш каарман Жаңылдын образы ар­кылуу драмадагы негизги тема – патриотизм жеткилең иштелип, образдар идеялык жактан

К. Маликов, А. Куттуба ев. «Ж аң ыл Мырза» спектаклинен көрүнүш. Жа­ңыл Мырза – Н. Мамбетова. 1981.

ойдогудай жалпыланган. Башкы ролдорду ат­карган Д. Күйүкова (Жаңыл), С. Жаманов (Түл­кү), Н. Кытаев (Калматай), С. Алымкулов (Ман­жы) өңдүү артисттердин да чыг-лык тажрыйба­сы артып, профессионал даярдыгы кыйла жо­горулаган.


Ад.: Львов Н. Киргизский театр. М., 1953.