ЖАҢЫЛМАЧ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЖАҢЫЛМАЧ – айтууга кыйын болгон уйкаш муундардын, сөздөрдүн туташ келишинин негизинде түзүлүп, ылдам айтканда жаңылып, сөздү так айта албай кала турган сөз тизмектери; фольклордук күлкүлүү чакан жанр. Тыбыштардын окшоштугу – Ж-тын айныбас композициялык принциби. Ошондуктан Ж-та көркөм сөздөгү добуштук окшоштуктарды жаратуучу алли-
терация, ассонанс, анафора, тавтология, эвфония, рифма, редиф сыяктуу формалар жыш учурайт. Ал айтылышы үндөш тыбыштардан турган сөз тизмектеринен атайын курулуп, жаш муундарды өз эне тилинде так ж-а уккулуктуу сүйлөөгө, чечендикке, көркөм сөздү кастарлоого тарбиялайт.