ЖАҢЫ ЭКОНОМИКАЛЫК САЯСАТ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ЖАҢЫ ЭКОНОМИКАЛЫК САЯСАТ – РКП(б)- нин 10-съездинде (1921-ж. март) көп укладдуу экономиканы жандандыруу үчүн В. И. Ленин тарабынан сунушталган антикризисттик программа. Жарандык согуш (1918–20) ж-а андан кийин большевиктер жүргүзгөн «согуштук коммунизм» саясаты өлкөнүн экономикасын толук бүлгүнгө учураткан. Ж. э. с. негизинен экон. кризистерден келип чыккан социалдык чыңалууну жоюу м-н Совет бийлигинин базасын чыңдоо, жумушчу-дыйкандар союзун бекемдеп, экон. жактан бүлүнгөн чарбаны кризистен алып чыгып, аны калыбына келтирүү, соц. коомду курууга ыңгайлуу база түзүү үчүн кабыл алынган. Ж. э. с. учурунда мурунку а. ч-дагы азыктүлүк чачымы натуралдык салык м-н алмаштырылган ж-а ал мурункудан 2 эсе аз болгон. Бардык мамл. тапшырма аткарылгандан кийин дыйканга калган түшүмүн эркин сатууга укук берилип, жерди ижарага алууга, жалданма жумуш күчүн колдонууга мүмкүнчүлүк алган. К. Алымкулов.