ЖАПАЙ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы

ЖАПАЙ Көкташ уулу (болжолу 1870-жыл­дар – 1918) – сарбагыш уруусунун белгилүү ма­наптарынын бири. Үмөтаалы Ормон уулунун не­береси. Кырг-н Россия империясынын карама­гына киргенден кийин Кочкор өрөөнүндөгү Нияз­бек, Борукчу, Семиз-Бел, Жоон-Арык болуштук­тарындагы эл бийлеген төбөлдөр анын тааси­ринде болгон. 1916-жылдагы улуттук-боштон­дук көтөрүлүшүндө орус баскынчыларына кар­шы күрөшкө активдүү катышып, аны уюшту­руучулардын башында турган. Көтөрүлүш баш­талганда, бул өрөөндүн батышындагы черикчи тукуму Канат Ыбыке уулун «хан» көтөрүш­көндө, чыгыш жагы Ж. Көкташ уулунун демил­геси м-н Тезекбай Түлкү уулун «хан» шайла­шат. Көтөрүлүшчүлөрдүн бул тобу өрөөндүн бор­бору – Столыпино кыш-н талкалап, андагы орус келгиндерин сүрүп чыгышкан. Жазалоочу аскер тобунун келиши м-н Ж. Көкташ уулу өз эли м-н Кытайга качып барып, 1918-ж. кайра кел­ген. Бул учурда падышалык бийлик кулатыл­ганына карабай, көтөрүлүштү уюштуруучулар­дын бири катары күнөөлөнүп, Токмок ш-на жакын Шор-Төбө деген жерде атылган. Р. Жолдошов.