ЖАПАЙЫ ТООК: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы

ЖАПАЙЫ ТООК , б а н к и в т о о г у (Gallus gallus) – кыргоолдор тукумундагы канаттуу; жа­пайы тооктордун 4 түрүнүн бири. Дене уз. эрке­гиники 75 смге, салмагы 1,5 кгга жетет; ургаа­чысы кичирээк. Корозунун канаты, башы, көкүрөгү ж-а төшү жалтырак саргыч, куйругу кочкул жашыл түстө. Башында калың терилүү кызыл таажысы ж-а «сөйкөсү», бутунда текөөрү болот. Ургаачысынын жүнү жөнөкөй боз-күрөң түстө. Түш.-Чыгыш Азияда ж-а Индияда, Кы­тайдын түштүгүндө, Суматра, Ява, Бали а-нда кеңири таралган. Бир нече түрү бар. Токойдо, калың бадал арасында, түздүктө же тоо кап­талында, кээде 2000 м бийиктикке чейинки тоо­до жолугат. Жакшы чуркайт, түз багытка уча алат; жапыз бакка конуп түнөйт. Түрдүү урук, мөмө, өсүмдүк бүчүрү, курт-кумурскалар м-н азыктанат. Бир корозу бир нече мекиян м-н топтошуп жашайт. Уясын жерге чөп-чар төшөп салып, 5–6 жумуртка тууп, 18–20 күн ургаачы­сы басып чыгарат. Корозу жөжөлөрүнө кам кө­рөт. Ж. т. Индияда бакмалаштырылып, Евро­пага алып келинип, тооктордун көп парода­лары алынган.