ЖАПА-САЛДЫ БИЛЕРИКТЕРИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ЖАПАСАЛДЫ БИЛЕРИКТЕРИ – б. з. ч. 2-миң жылдыкта отурукташып жашаган, коло доорунун урууларына таандык билериктер. Алар томпок-катарыңкы колодон куюп жасалган археол. өзгөчө табылга. Ала-Бука р-нундагы Жапасалды кыш-нын жанынан табылган. Билериктердин учтары конус формасындагы спиралсай баймалдары м-н кооздолуп, уркуюп чыгып турган кичиней мүйүзчөлөрдү элестетет. Диаметри 7, туурасы 1,6 см. Билериктер Түш. Кырг-нда жашаган уруулардын кооздук-асем буюмдары ж-ндө, о. эле колдонмо өнөрүнүн пайда болушунан маалымат берет. А. Абетеков.