ЖАР КӨРҮҮ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:26, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы

ЖАР КӨРҮҮ – үйлөнүү үлпөтүнө чейин аткары­луучу жөрөлгө. Эки тарап кудалашкандан кийин болочок күйөө бала жолдош ээрчитип, колуктусунун айылына келип, четирээк жерге түшөт. Ошол жерге кыз тараптагылар атайы боз үй тигип, кыз оюнун өткөрүүнү күйөө бала та­раптан талап кылышат. Оюн жүрүп жаткан ма­алда кыз-күйөө 1-жолу бирин бири көрүшкөн. Салт б-ча кыздын жеңелери кыз-күйөөнү бири бирине далыларын тийгизип, анан экөөнү бир сол, бир оң жагынан кайрылтып өбүштүргөн. Ж. к. токмок салуу ж. б. оюндар м-н коштолгон. Кыз тарап, жигит тарап болушуп, жаржар ыр­дашып, күйөө жолдош кыздын жеңелеринин та­лаптарын аткарып, камдай келген белектерин тартуулашкан. А. Көчкүнов.