ЖАРЧЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:26, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы

ЖАРЧЫ – Улуу Октябрь рев-ясынан мурда О. Азия элдеринде, а. и. кыргыз элинде да хан,


бек, болуш сыяктуу жерг. башкаруучулардын буйругун, жардыгын эл кыдырып, чогулган топ­ко жарыялоочу киши. Ж. аш-той же кыз-оюну башталарда анын тартиби, жүрүшү, көрсөтүлүү­чү оюндун түрү, байгеси ж-дө жарыя кылган.
О. эле жок жоготкондо да (мал, буюм ж. б.) Ж. атайы эл аралап, жар салган. Ж. элге адат­та ырдап, жамактап, кээде кара сөз м-н кай­рылган. Кийинчерээк анын милдетин көбүнчө ырчылар аткарып, ошондон улам аш-тойго бай­ланыштуу айтылган жарыя кээде көркөм чы­гарма деңгээлине жеткен учурлар болгон. Ж. өз доорунда карым-катнаш, байланыш жасоодо чоң милдет аткарган.