ЖАРЫК: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:26, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы

ЖАРЫК – көзгө көрүнүүчү жыштык диапазо­нуна (7,5⋅1014–4,0⋅1014Гц) туура келүүчү электр­магнит толкуну. Бул диапазондон тышкары көз көрбөгөн диапазондо жаткан инфракызыл ж-а ультракызгылт көк нурлар да жарыкка кошу­лат. Ошентип Ж. нурларынын жалпы диапазо­ну 3⋅1014–3⋅зондо электр-магниттик толкундун к о р п у с­к у л а л ы к ж-а т о л к у н д у к касиеттери бар. Ж-тын толкундук касиети дифракция, ин­терференция ж-а полярлануу кубулуштары, ал эми корпускулалык касиети фотоэффект, жы­луулук нурлануусу, Комптон эффекти ж. б. ку­булуштар м-н түшүндүрүлөт. Ак Ж. негизинен 7 түстөгү Ж. кошундусунан турат: кызыл, сар­гыч кызыл, сары, жашыл, көгүш, көк, кызыл көк. Бул кубулуш Ж. дисперсиясы деп ата­лат. Эң чоң толкун узундукка кызыл, эң кичи­неге кызгылт көк түстөгү Ж. толкундары туура келет.