ЖАРЫК АБЕРРАЦИЯСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:26, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы

ЖАРЫК АБЕРРАЦИЯСЫ – 1) жарык булагы м-н байкоочунун ортосундагы салыштырмалуу кыймылдын негизинде жарык булагынын чы­ныгы көрүнүш абалынан четтеши. Ж. а-нын бир нече түрү бар. Бир чекитке жыйналган жарык нуру линзадан өткөндө же сфералык күзгүдөн чагылганда алардын фокусуна жыйылуудан четтеши с ф е р а л ы к аберрация деп аталат. Бир чекиттен чыккан ар түрдүү түстөгү нурлар линзадан өткөндөн кийин, анын фокусуна жый­налышынан четтеши х р о м а т и к а л ы к (түстүү) аберрация болот. 2) А с т р о н о м и я­д а – асман жарык чыгаргычы м-н байкоочунун кыймылына жараша жарык нурунун багыты­нын өзгөрүшү. Жер өз огунда айланганда сутка­лык, Күндү айланганда жылдык, Күн система­сынын мейкиндикте кыймылында кылымдык Ж. а. болот. Астр. аберрация астрофиз. илик­төөлөрдө, Жердин Күндү айлануу ылдамдыгын ж-а жарык ылдамдыгын так аныктоодо пайда­ланылат.