ЖАРЫК ПОЛЯРЛАНУУСУ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
vol3>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

06:57, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы

ЖАРЫК ПОЛЯРЛАНУУСУ – оптикалык нур­лануунун перпендикуляр тегиздиктеги терме­лүүчү (жарык толкунунун таралуу багыты) жа­рык толкундарынын таралуу касиеттеринин бири. Ж. п. жарык толкунундагы электр (E) ж-а магнит (H) талааларынын мейкиндиктеги багыттарын мүнөздөйт. Жарык толкуну тара­луу багытына (ылдамдыкка) өз ара перпенди­куляр багытта, бирдей фазада ж-а жыштыкта термелүүчү электр (E) ж-а магнит (H) талаала­рынан түзүлгөн туурасынан кеткен толкун. Тол­кундардын бул векторлору белгилүү тегиздикте жатса же белгилүү бир багытты көздөй өзгөрсө, толкундар полярлануучу делет. E вектору жат­кан тегиздик полярлануу тегиздиги деп аталат. Эгерде толкунда E вектору белгилүү бир тегиз­дикте жатса, мындай толкун с ы з ы к т у у полярланууга ээ. Полярланбаган жарык нурла­рынан (Күн, электр лампалары ж. б.) поляри­затордун жардамы м-н керек болгон поляр­ланган жарык нурларын алууга болот. По­лярлагычтын иштөө принциптери ар түрдүү оп­тикалык эффекттерге негизделген (кристалл­дагы нурлардын экиге ажырашы, Брюстер эф­фектиси ж. б.). Азыр жарыктын жаңы булак­тарынан (лазер, мазерлер) ар түрдүү полярлан­ган нурлар алынат. Ж. п-н 1704–06-ж. И. Нью­тонкиргизген.