ЖАРЫК ЫЛДАМДЫГЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:26, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы

ЖАРЫК ЫЛДАМДЫГЫэлектр-магнит тол­кундарынын таралуу ылдамдыгы. Ж. ы. ва­куумда с=299792458±1,2 м⁄сек≈3⋅108 м/сек (1980).
Бул сан – физикадагы фундаменталдуу турук­туу чоңдуктардын бири. Жарыктын табияты адам баласын ал дүйнөгө пайда болгондон тар­тып кызыктырган. 18-к-дын аягына чейин Ж. ы. чексиз чоң деген ой кеңири колдонулган. Клас­сикалык механиканын (Ньютон теориясынын) негизги жоболорунун бири катары Ж. ы. чек­сиз деп алынат. Жарыкты өзгөчө чөйрө – эфир­де таралуучу толкун деген көз караш көпкө че­йин өкүм сүрүп келген. Бирок 18-к-дын орто­сунда фр. физик Физо (1849) ж-а 19-к-дын ба­шында амер. физик Майкельсон (1926) тажрый­балардын негизинде Ж. ы. с=299796±4 км/сек­га барабар экендигин аныктаган (эң акыркы тажрыйбаларда такталган Ж. ы. с=299792,4562± ±0,0011 км/секга барабар). Ж. ы. чексиз эмес­тиги физикадагы теорияларды ж-а көз караш­тарды кайрадан карап чыгууга мажбурлады. Натыйжада Эйнштейндин салыштырмалуулук теориясы түзүлүп, Максвеллдин электр-магнит­тик кубулуштар теориясынан жарык электр­магниттик толкундун көзгө көрүнүүчү диапазо­ну экендиги аныкталган.