ЖАРЫМ ӨТКӨРГҮЧТӨР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:26, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы

ЖАРЫМ ӨТКӨРГҮЧТӨР – электр өткөрүүсү металлдыкынан (106–104 Ом–1см–1) аз ж-а диэ­лектриктен (10–8 – 10–12Ом-1см–1) чоң болгон зат­тар. Металлдан айырмаланып, темп-ра көтө­рүлгөндө электр өткөргүчтүгү жогорулайт, тес­керисинче, төмөнкү темп-рада азаят. Электр өткөргүчтүгүнө темп-радан башка жарык, электр талаасы, бөлүкчөлөрдүн агым ылдамдыгы ж. б. таасир этет. Ж. ө. кристалл, аморфтук ж-а суюк заттардан туруп, аларга Ge, Si ж. б. кирет. Элек­трондор ж-а көңдөйчөлөр заряд алып жүрүүчү болуп эсептелет. Идеалдуу кристаллда алар түгөйлөш жүрүп, концент-сы бирдей болот. Ал эми реалдуу кристаллда электрондор м-н көң­дөйчөлөрдүн концент-сынын тең салмактуулу­гу бузулушу мүмкүн, бул учурда өткөрүмдүүлүк алып жүргүчтүн бир гана тиби (электрон же көңдөйчө) м-н ишке ашырылат. Эгер кристал­лдын кандайдыр бир зонасы электронго толуп, ал эми экинчиси таптакыр бош ж-а чоң тоско­ол кеңдигине ээ болсо анда ал диэлектрик бо­лот. Темп-ра Т=0 болгондо чала толгон зонала­ры жок ж-а тоскоол зонасы диэлектриктики­нен кууш кристаллдар Ж. ө. деп аталат. Ж. ө. таза (элементардык) ж-а аралашмалуу болуп экиге бөлүнүшөт. Таза Ж. ө-дү түзүүчү 12 эле­менттин ар бири монокристаллдарды түзүшөт. Алар Менделеевдин таблицасынын III тобунан Бор (5В); IV топтон: 6С, 14Si, 32Ge, 50Sn; V топтон 15Р, 32As, 51Sb; VI топтон 16S, 34Se, 53Tl; VII топ­тон 53J. Аралашма Ж. ө-гө жогоруда каралган Ж. ө-дүн аралашмалары, алардын Ж. ө-кө кир­беген элементтер м-н болгон аралашмалары, о. эле орг. заттардын аралашмаларын да кам­тыган өтө көп түрлөрү кирет. Негизинен 2 тип­теги аралашма Ж. ө. кездешет. Эгерде таза Ж. ө-гө валенттүүлүгү жогору болгон элементтер (до­норлор) кошулса, анда n тибиндеги Ж. ө-дү ала­быз. Жарым өткөргүчтүү материалга (мис., крем­ний, германий монокристаллдары ж. б.) кошун­ду атомдордон бир аз кошуп, өткөрүмдүүлүктү жогорулатууга болот. Бул учурда көңдөйчөгө ка­раганда электрондору көп n тибиндеги же элек­тронго караганда көңдөйчөсү көп р тибиндеги Ж. ө. пайда болот. Качан гана n ж-а р тибинде­ги материалдар биригип, р–n өткөөлү түзүлгөндө электр тосмосу пайда болуп, токту бир багытка жакшы, ал эми экинчи багытка начар өткө­рөт. Ж. ө. электр, радио, жарык ж-а жылуулук техникасында, автоматикада, прибор курууда ж. б. тех. тармактарда кеңири колдонулат.