ЖАРЫМ ӨТКӨРГҮЧТҮҮ ЭЛЕКТРОНИКА: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:26, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы

ЖАРЫМ ӨТКӨРГҮЧТҮҮ ЭЛЕКТРО́НИКА – жа­рым өткөргүч элементтерине негизделген элек­троника. Ж. ө. э. жарым өткөргүч приборлордо өтүүчү процесстерди изилдейт, о. эле ар кыл жарым өткөргүч приборлорду, түзүлүштөрдү ку­руунун теориясын ж-а тажрыйбасын камтыйт. Ж. ө. э-нын приборлору, түзүлүштөрү турмуш­тун ар кыл чөйрөсүндө (өндүрүштө, байланыш­та, космос аппараттарында, турмуш тиричилик­те ж. б.) абдан кеңири жайылды. Чоң интеграл­дык схемалар (чиптер), микропроцессор сыяк­туу учурда чыгарылып жаткан көпчүлүк түрдүү аппараттардын, механизмдердин, приборлордун негизги куруучу элементтери катары колдону­лат. Азыркы микроэлектроникадагы, компью­тер техникасындагы жетишкендиктер, глобал­дык интернет тармагынын кеңири таралышы, сигналдарды экилик санарип түрүндө кабыл алуу ж-а таратуу коомго маалымат рев-ясын алып келди.