ЖАСАЛМА БУЛГААРЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:26, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы

ЖАСАЛМА БУЛГААРЫ – ар түрдүү кийим, галантерея ж-а тех. буюмдарды жасоодо таби­гый булгаарынын ордуна колдонулуучу поли­мер материал. Ж. б-нын төмөнкүдөй түрлөрү чыгарылат: жумшак, бут кийим резиналары, галантерея ж-а бут кийим картону. Бут кийим резиналары негизинен бутадиен-стирол каучу­гунан алынып, бут кийимдин такасын, тама­нын ж. б. жасоодо колдонулат. Бут кийим ж-а галантерея картону булалуу материалдан алы­нат. Негизги сырьё катары целлюлоза, кебез булалар, табигый булгаарынын майдаланган калдыктары пайдаланылат. Жумшак Ж. б. кез­деме, согулган материал, кагаз, түрдүү булалар­ды резина желими же латекс, поливинилхло­рид пастасы, полиамид ж. б. плёнка пайда кы­луучу заттар м-н иштетүүдөн алынат.