ЖАСАЛМА ТИЛДЕР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:26, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы

ЖАСАЛМА ТИЛДЕР – табигый тилдерден айыр­маланган, ар кайсы тилдердин элементтеринен же белгилүү система б-ча жаңыдан түзүлгөн ата­йын тил. Грамматикасы, сөздүк курамы шарт­туу, жасалма түрдө түзүлөт. Ж. т. табигый тил­дердин кээ бир милдеттерин аткарат, б. а. ата­йын максаттар үчүн, мис., маалымат иштерин­де (маалыматты ЭВМдин, б. а. программалоо ж-а машина тилдеринин жардамы м-н иштеп чыгууда, эл аралык Ж. т-ди түзүүдө ж. б.) пай­даланылат. Эл аралык Ж. т-дин түзүлүшү 17– 18-к-да башталган. Алардын чыгышына латын тилинин эл аралык маанисинин төмөндөшү түрт­кү берген. Бүткүл дүйнөнүн адамдарына түшү­нүктүү ж-а оңой үйрөнүлүүчү эл аралык Ж. т-дин долбоорун түзүү аракеттери көп болгон. Адеген­де Ж. т-дин долбоору ойдон чыгарылса, кийин­черээк тирүү тилдердин негизинде түзүлгөн. Ж. т-дин биринчи долбоорун (волапюк) 1880-ж. немис тилчиси И. Шлейер түзгөн. Ж. т-дин ке­ңири таралганы – эсперанто. Анын көп өл­көлөрдө активдүү жактоочулары, котормолору, көркөм чыгармалары бар. Ж. т-дин белгилүүлөрү: о к ц и д е н т а л ь (интерлингва) 1922-ж. эстон тилчиси В. Валем, н о в и а л ь 1928-ж. дания­лык О. Есперсен, и н т е р л и н г в а 1903-ж. итал. математик Ж. Пеано тарабынан түзүлгөн. Ж. т. структураларына жараша төмөнкү топ­торго бөлүнөт: 1) априордук тилдер – логикалык же эмпириялык түшүнүктөрдө түзүлгөнү (ро, сольресоль); 2) аралаш тилдер – ар түрдүү тил­дерден алынган сөздөрдө түзүлгөнү (волапюк); 3) интернационалдык лексикалардын негизинде түзүлгөн тилдер (эсперанто, идо, интерлингва).