ЖАТАН (ЯТАН) КҮРӨҢ КӨМҮР КЕНИ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:26, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ЖАТАН (ЯТАН) КҮРӨҢ КӨМҮР КЕНИ Хошчан (Кыркол) суусунун оң жээгинде, Жалгыз- Арча кырка тоосунун түш. капталында, Ош облнун Ноокат р-нунда жайгашкан. Кен 1902- жылдан белгилүү, издөө ж-а чалгындоо иштери 1934-жылдан 1987-жылга чейин мезгил-мезгили м-н жүргүзүлгөн. Көмүр кабаттары юра катмары м-н байланышкан. Кендин негизги түзүлүшү – жантайып жаткан синклиналдык бүктөм. Көмүрлүү катмарда 3 кабат бөлүнгөн, анын ичинен төмөнкү «Негизги» деп аталган татаал түзүлүштөгү кабат ө. ж-лык мааниге ээ. Анын жалпы калыңдыгы 1,73 мден 31,11 мге чейин өзгөрөт. Сапаты б-ча кендин көмүрү күрөң көмүр маркасына таандык. Көмүрдүн орт. күлдүүлүгү 21,35%, күйүү жылуулугу 27,53 МДж/кг (6578 ккал/кг). Ачык казып алуу запасы – 1286 миң т, жер алдынан казып алуу запасы – 15450 миң т, бардыгы С1 ж-а С2 категориясы б-ча 16736 миң т.