ЖАТЫНДАН КАН АГУУ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:26, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы

ЖАТЫНДАН КАН АГУУ түрдүү гинекол. оору­ларда, бойдон козголгондо, о. эле жалпы орга­низмдин кээ бир ооруларында болот. Жатын­дан кан көп же аз агышы мүмкүн. Кан көп кел­генде, өмүргө коркунуч туулат. Мындай учурда тезинен мед. жардам чакыруу керек. Ж. к. а. айрым убакта этек кир келген убакытка туура келип (к. Этек кир) калышы мүмкүн. Ж. к. а-да эң көп ж-а уюган кан түрүндө келет. Кээде анча көп кетпегени м-н узакка (10–12 күнгө че­йин) созулуп, этек кир аралыгындагы убакыт кыскарат же башаламан беймаал келет. Кээде бойго бүтпөй эле этек кир кечиккенде да кан көп кетет. Мындай кан агуу жатын функция­сынын бузулушуна байланыштуу, жыныстык жетилүү ж-а климакс мезгилинде болот. Анын себебин өз убагында табуу туура дарылоого мүм­күндүк берет. Эгерде этек кир токтогондон бир нече жылдан кийин кан келсе, тезинен врачка кайрылуу керек.