ЖАШОО ҮЧҮН КҮРӨШ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:26, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы

ЖАШОО ҮЧҮН КҮРӨШ б и о л о г и я д а – организмдердин жашап кетүү м-н бирге өзүнөн


кийин тукум калтырууга жөндөмдүүлүгү, түр ичиндеги ж-а түр аралык атаандаштык, о. эле тышкы чөйрөнүн абиота шарттарына карата аракети. Мындай күрөш организмдердин жашоо­су, көбөйүүсү үчүн керектүү шарттар жетишпе­ген учурда чыгат. Ал табигый тандалуу м-н тыгыз байланыштуу. Бул түшүнүктү 1859-ж. Ч. Дарвин сунуш кылган. Ж. ү. к-тү айыгыш­кан касташуу эмес, организмдер ортосунда боло турган өз ара мамилелердин көрүнүштөрү деп аныктаган. Ж. ү. к. түр ичинде ж-а түрлөр ара­сында жүрөт. Т ү р и ч и н д е г и с и бир эле түргө тиешелүү организмдердин ортосунда болот. Мис., карышкырлар жем үчүн, ал эми кызыл карагайлар жарык үчүн күрөшөт. Т ү р л ө р а р а с ы н д а г ы к ү р ө ш т ө ар кайсы түрлөргө тиешелүү организмдер ортосунда түрдүү мүнөздөгү күрөш жүрөт. Мис., жырткычтын ж-а ага жем болчу жаныбардын ортосундагы күрөш.