ЖАШЫНМАК: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:26, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы

ЖАШЫНМАК – балдар оюну. Саны чектелбес­тен, бир топ бала ойнойт. Тутум кармашуу б-ча издөөч болуп калганы эч жакты карабай, эки колу м-н көзүн басып, макулдашууга жараша 20дан 50гө чейин санайт. Ушул учурда башка балдар туш келди жерге жашынат. Издөөч тур­ган жер «чөк» деп аталат. Издөөч чөктөн анча алыстап кетпей жашынгандарды издей баштайт. Издөөчтү алаксытуу, жаңылдыруу максатында жашынгандар бир бияктан, бир тыяктан алыс­та өңдөнгөн үн м-н «күкүк» же «зейнеп» деп алаксытат. Издөөч кимди биринчи таап алса, ошол табылган бала издөөч болот. Эгер жашын­ган балдардын улам бирөө капысынан же жа­шырынып келип издөөчтөн мурда чөктү ээлеп калса, издөөч андан кийинки оюнга да издөөч болуп кала берет. Бул оюн балдарды эптүүлүккө, кыраакылыкка, байкагычтыкка, шамдагайлык­ка машыктырат.