ЖАШЫРУУН МЕЗГИЛ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:26, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы

ЖАШЫРУУН МЕЗГИЛ , и н к у б а ц и я л ы к м е з г и л – денеге жугуштуу оорунун козгогучу киргенден баштап, дарттын алгачкы белгиси би­лингенге чейинки убакыт. Ар түрдүү оорунун Ж. м-нин узактыгы ар башка (бир нече ай, жыл). О. эле анын мөөнөтү микробдун санына, күчүнө, организмдин каршылык көрсөтүүсүнө, инфек­циянын кирүү жолуна байланыштуу өзгөрөт. Кээ бир жугуштуу ооруларда (кызылча, кептөөр ж. б.) бул мезгилде айлана-чөйрөгө козгогуч­тарды бөлүп чыгарып, коркунучтуу. Айрым жу­гуштуу оорулардын козгогучу Ж. м-дин аягын­да бөлүнүп чыгат. Ар бир оорунун Ж. м-нин өзгөчөлүгүн билүү чоң мааниге ээ. Анын узак­тыгына жараша оорулуу м-н бирге болгон ки­шини бөлүү ж-а карантиндин мөөнөтү аныкта­лат, эпидемияга каршы башка чаралар көрүлөт.