ЖАШЫТУУ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:26, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы

ЖАШЫТУУ – чыңалган металлдын (мис., бо­лоттун) түзүлүшүн өзгөртүү үчүн ар кандай темп­ра м-н да иштетүү. Ж. процесси төмөндөгүдөй жүрөт: металл кандайдыр бир темп-рага чейин ысытылып, белгилүү бир убакытка чейин кар­малат да, андан кийин муздатылат. Ж-нун на­тыйжасында металл каалагандай мех. касиет­ке ээ болуп, ички чыңалуусу жоюлат. Ж-нун бир нече түрү болот: 500–560°Сге чейин ысытылса, жогорку темп-ралык Ж. деп аталып, машина курууга керектелүүчү тетиктер же аспаптык бо­лоттор үчүн колдонулат; 150–250°Сде Ж. – це­менттелген, циандалган көмүртектүү ж-а легир­ленген болотто ички чыңалууларды азайтуу мак­сатын көздөйт; 350–475°Сде Ж. – пружина жа­соодо пайдаланылат. Бир нече ирет Ж. м-н курч болоттон аспаптык болот алынат.