ЖЕДИГЕР: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:26, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ЖЕДИГЕР – кыргыздардын оң канат уруулук бирикмесиндеги тагай тукумуна караштуу уруу. Кыргыз санжыраларында Ж. Тагай бийдин Койлон деген баласынан тарап, 17-к-дын жазмасы «Мажму ат-таварихте» да кыргыз уруусунун бири экени белгиленет. Ж-дин этногенези ж-дө атайы изилдөөлөр кеңири деңгээлде жүрө элек. Айрым көз караштарда, б. а. кыргыз тарыхчысы А. Мокеевдин эмгектеринде Ж. уруусунун түпкү теги о. кылымдардагы огуз урууларынын бири йадгарлар м-н байланыштырылат. Окумуштуунун пикиринде этнонимдердин окшоштуктарынан (жедигер = йадгар) сырткары элдик фольклордогу «Койлондон кооз Жедигер» деген сөздөгү «кооз» деген түшүнүк о. кылымда «гуз» (огуз) терминен жаралып, кийин өз маанисин жоготуп (көөнө сөзгө айланып), кыргыз тилине ыңгайланып «кооз» болуп калгандыгы божомолдонгон. Ж. уруусунун байыркы уруулардан экени «Манас» эпосунда да «Жети-Сууну жердеген жедигерлер» деп белгиленет. Кийинки учурларда Ж. уруусунун ички курамынын аталыштары унутула баштап, ар кайсы аймактарда ар түрдүү айтылып калган. Ошондуктан, аларды талдоодо кыйынчылыктар кезигет. Ж. уруусунун урук бутактары негизинен асан тукуму, үсөн тукуму, маңгытай, орус, долу, токобай ж. б. болуп таралып, алардын басымдуу бөлүгү Жалал-Абад обл-нун Ноокен, Базар-Коргон, Сузак р-ндорунда, Майлы-Суу, Таш-Көмүр, Кочкор-Ата ш-нда ж-а айрым майда бөлүктөрү Нарын, Чүй обл-нун айыл-кыштактарында жашашат. Кант р-нуна караштуу бир айыл 1950- жылдарга чейин Жедигер аталган. Р. Жолдошов.