ЖЕЗ КЕМПИР: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:26, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ЖЕЗ КЕМПИР (ж е з т у м ш у к, ж е з т ы рм а к) – кыргыз элинин жөө жомокторундагы салттуу терс каарман. Ж. к. кадимки адам түспөлүндө болуп, адамча сүйлөйт, өзү каалагандай кубулат, тумшугу, тырмактары курч (болоттон, жезден). Ал эл жүрбөгөн алыскы жайларда жашап, адамдардын канын соргондугу айтылат. Адамдар амалкөйлүк м-н Ж. к-ди өлтүрүп, тумшугун, тырмактарын керектөө үчүн кесип алат. Мындай мүнөздөгү образдар дүйнөдөгү башка элдердин фольклорунда да кезигет.