ЖЕЙТУН: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:26, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЖЕЙТУН – б. з. ч. 5 миң жыл мурда дыйканчылык ж-а мал чарбачылык м-н кесип кылгандар мекендеген жай. Ж. Ашхабад ш-нын 25 км түн.- батыш жагында. 1952-ж. Түш. Түркмөнстандын археол. экспедициясы изилдеген. Ж-дан бир бөл-

мөлүү дубал тамдардын, таштан жасалган эмгек куралдарынын калдыктары, буудай м-н арпанын даны, жапайы ж-а үй жаныбарларынын сөөктөрү табылган. Жөнөкөй геом. чиймелер м-н кооздолгон карапа идиштер, жаныбарлардын топурактан жасалган кичинекей скульптуралары да көп кездешкен. Ж-дун Алдыңкы Азиянын бул типтеги байыркы эстеликтери м-н көп окшоштугу бар.
Ад.: Массон В. М. Поселение Джейтун. Л., 1971; Новые исследования на поселения Джейтун. Ашгабат, 1992; Неолит Северной Евразии. М., 1996.