ЖЕКЕ МААЛЫМАТ БАШКАРГЫЧ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:26, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЖЕКЕ МААЛЫМАТ БАШКАРГЫЧ – жеке маалыматтарды көзөмөлдөөчү түзүлмө. Анын жолугушуулар, аткарылуучу иштин тизмеси, телефон сүйлөшүүлөрү, болжолдуу багыт же келечектеги долбоорлор ж. б. түрү бар. Колдонуучу мурда жеке маалыматты көзөмөлдөөнү айрым жумушту көзөмөлдөгөн программаны бир пакетке бириктирүү м-н уюштурган. Маалымат көп түрдүү болгондуктан, Ж. м. б. бардык аракеттерди аткартууга жөндөмсүз. Ошондуктан программалар төмөнкү элементтерди ж-а мүмкүнчүлүктөрдү: жолугушуу мөөнөтүн, электрондук жазуу китепчесин, менеджерге берилиш м-н издөөнү гана сунуш кылат. Айрым жеке маалымат программа пакеттери телефон номурун терүү ж-а электрондук почта сыяктуу мүмкүнчүлүктөрдү камтыйт. Жолугушуу календары күн же убакыт ичиндеги аракеттерди чектөөгө, электрондук жазуу китепчелери түшүндүрмөлөрдү (комментарийлерди) жазып турууга мүмкүндүк берет. Көпчүлүгү эки иш чара бир учурга дал келип калса, ал ж-дө эскертип турат. Ж. м. б. пакеттерине Microsoft Quit Look, Ecco Pro ж-а Lotus Organizer кирет.