ЖЕКЕ МЕНЧИК: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:26, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЖЕКЕ МЕНЧИК – жеке кишинин (үй-бүлөнүн) менчигинде турган киреше алуу объектине ээлик кылуунун‚ пайдалануунун ж-а тескөөнүн‚ башка жакка берүүнү же сатууну кошо алганда‚ бардык укуктарына ээ болгон менчик түрү. Ж. м. өндүрүштүн учурдагы ыкмаларынын бардыгында пайда болушу ж-а өнүгүшү мүмкүн. Ж. м-тин эки түрү бар: 1) жалданма эмгекке негизделген Ж. м.; 2) өз эмгегине негизделген (же үй-бүлө мүчөлөрүнүн эмгегине негизделген) Ж. м. Айрым индивиддердин (үй-бүлөлөрдүн) менчигинин объектилери өндүрүш каражаттары‚ керектөө буюмдары‚ акча каражаттары‚ баалуу кагаздар ж. б. болушу мүмкүн. Азыркы учурда КРде Ж. м. мыйзам актылары м-н бекитилген.