ЖЕКЕ САКТАНУУ КАРАЖАТТАРЫ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:26, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЖЕКЕ САКТАНУУ КАРАЖАТТАРЫ – өндүрүштөгү кесиптик зыяндуу ж-а опурталдуу кырсыктардан сактоого багытталган атайын кийим ж-а ылайыкташтырылган жабдыктар. Эмгек шартын жакшыртуучу негизги чараларга кошумча катары колдонулат. Ж. с. к. – башты, көздү, кулакты, дем алуу органдарын колду, бутту ж-а терини сактоочу болуп бөлүнөт. Башты сактоодо – коло, өтө бышык пластмасса, дюралюминийден жасалган каскалар, ысык цехте – кийизден; к-та м-н иштегендерге – нооту калпак; чаңдан, ысык-сууктан – жоолук ж. б. баш кийим; көздү – бышык ж-а нурларды чыпкалоочу атайын айнектен көз айнек, калканч; кулакты – ызы-чуудан коргоодо кулак калканын басып туруучу, сырткы угуу өткөөлүн бүтөгүч тыгын; кулакты, башты бирге сактоочу – шлем; дем алуу органдарын чаңдан – түрдүү чыпкалоочу респираторлор, ууктуруучу газдардан – противогаз, колго – туюк мээлей, колкап, чечме жең ж. б.; бутка резинадан, кийизден, териден тигилген бышык, эптүү бут кийим колдонулат, к. Атайын кийимдер.