ЖЕКЕЧЕ ТУУНДУ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:26, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЖЕКЕЧЕ ТУУНДУ , а й р ы м т у у н д у – дифференциалдык эсептөөдөгү бир гана аргумент өзгөрүлгөндө бир нече өзгөрүлмөнүн функциясынын өзгөрүү ылдамдыгын мүнөздөөчү түшүнүк. Көп аргументтүү (көз каранды эмес чоңдуктардын) u=f(x1, x2,..., xn) функциясынын
xi (i=1, n)ден башка бардык аргументтерин турактуу деп эсептеп, xi б-ча алынат. Ал du/dxi,
f′(x), i=1, ..., n деп белгиленет. Көп өзгөрмөлүү
функциялардын эң жөнөкөй – эки аргументтүү
z=f (x, y) функциясы (x0, y ) чекитинин аймагында аныкталса, y=y0 деп алынса, f(x, y0) функциясы x өзгөрмө чоңдугуна көз каранды болот.
Эгер f(x, y0) функциясы x0 чекитинде туундуга ээ болсо, анда ал туунду f(x, y) функциясынын
(x0, y0) чекитиндеги x б-ча алынган Ж. т-сун берет, ал төмөнкүчө белгиленет: fх′(х0, у0) же
∂f(x0, y0 ) .
∂x
Ад.: Бөрүбаев А., Бараталиев К. ж. б. Математикалык анализ. 1-бөлүм. Б., 2002.