ВАНТАА: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
2-tom>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
11:41, 17 Январь (Үчтүн айы) 2024 -деги абалы
В́АНТАА (финче Vantaa, шведче Vanda) – Финляндиядагы шаар. Өлкөнүн борбору – Хельсинкинин жандоочусу. Калкы 200 миӊ (2011). Калкынын саны б-ча өлкөдөгү 3-шаар (Хельсинки, Тампереден кийин). Жол тоому (В. Аркылуу Россияны Скандинавия өлкөлөрү м-н байланыштыруучу автомагистраль өтөт). Темир жол бекети. эл аралык ири аэропорту бар. Алгач 1351-ж. эскерилет; 1974-жылдан шаар. Музейлери (авиация ж. б.), Хеурека көргөзмө борбору, аквариум бар. Картинг борбору. Хельсинки – В. технополиси (логистика, телекоммуникация, электроника ж. б. ил. тармактары б-ча изилдөөлөр жүргүзүлөт; бизнес-кызматташтык, программалык камсыздоо б-ча кызмат көрсөтүлөт). Электроника, лак-сыр, тамак-аш өнөр жай ишканалары иштейт.