ЖЕКШЕНКУЛОВ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:26, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЖЕКШЕНКУЛОВ Аликбек (25. 5. 1957-ж. т., Нарын обл., Кочкор р-ну, Чолпон кыш.) – мамл. ж-а коомдук ишмер, дипломат, саясат таануучу, саясат таануу илимд. доктору (2000). 1980-ж. Украина а. ч. академиясын бүтүргөн. 1980–90-ж. комсомолдун Аламүдүн райкомунун 1-секретары, Кырг-н ЛКЖС БКнын секретары, комсомолдун Ош обкомунун 1-секретары, 1994–2000-ж. КР тышкы иштер министринин 1- орун басары, 2000–04-ж. КР-

дин Австрия, Чехия, Словакия, Венгрия, Израилдеги элчиси, ошол эле учурда КРдин ОБСЕ-деги, БУУдагы, Венадагы эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү, 2004–05-ж. КРдин тышкы иштер министри, 2007–08-ж. Эл аралык өнүгүү ж-а саясат б-ча агенттиктин жетекчиси болуп иштеген. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты (1990–94). КРдин атайын ж-а ыйгарым укуктуу элчиси рангына ээ (2000). 50дөн ашуун ил. эмгектин автору.
Эмг.: Влияние внешнеэкономической связи на формирование экономической структуры независимой Кыргызской Республики. Б., 1996.