ЖЕЛДЕТҮҮ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:26, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЖЕЛДЕТҮҮ , в е н т и л я ц и я – (лат. ventilatio – желдетүү) – имаратта абанын алмашуусун жөнгө салуу; адамдын ден соолугу үчүн таза абаны пайда кыла турган жабдууларды, курулуш имараттарын, материалдарды, азык-түлүктөрдү ж. б. сактоону камсыз кылып, технол. талаптарга жооп берүү чарасы. Ж. төмөндөгүдөй бөлүнөт: агып келүүчү, соруп чыгаруучу, агып келүүчү ж-а соруп чыгаруучу, жалпы, табигый, мех. агып келүүчү Ж-дө имараттын ичине таза аба берилет, ал эми абанын сыртка чыгуусу ашыкча басымдын пайда болушунун негизинде, ар түрдүү жылчыктар, эшиктер аркылуу ишке ашырылат. Соруп чыгаруучу Ж-дө – аба имараттардан желдеткичтер аркылуу чыгарылып, натыйжада аба суюлгандыктан, эшиктен ж-а имараттын жылчыктарынан сырттагы аба кирет. Агып келүүчү ж-а соруп чыгаруучу Ж-дө – аба бир эле убакта имараттын ичине киргизилип ж-а сыртка чыгарылып турат. Жалпы
Ж-дө – бардык жайларда бирдей темп-ра, абанын тазалыгы ж-а кыймылы сырттан кирген таза аба аркылуу камсыз болот. Жерг. өндүрүш жайларында чектелүү мейкиндикте талапка ылайыктуу абаны пайда кылат. Абадагы зыяндуу аралашмалар атайын шкафтар, зонттор ж. б. түзүлүштөр аркылуу кармалып, сыртка чыгарылат. Табигый Ж. – аба имаратка терезе, ар түрдүү жылчыктар ж-а көңдөйлөр аркылуу кирет ж-а андан темп-ранын айырмасы (ички ж-а сырткы абанын тыгыздыгынын айырмасы) же шамал аркылуу сыртка үйлөтүлөт. Мех. Ж. – электр желдеткич м-н ишке ашырылат. Ө. ж. имаратындагы өндүрүштүк зыяндуу заттар (чаң, буу ж-а газ) чаң тоскуч камералар, чыпкалар, түзүлүштөр аркылуу тазаланат.