ЖЕЛДИ-СУУ ТУЗ КЕНИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:26, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЖЕЛДИ-СУУ ТУЗ КЕНИ Чүй обл-нун, Кант р-нунда, Бишкек ш-нан 25 км түш.-чыгыш тарапта, Кыргыз Ала-Тоосунун түн. этегиндеги Желди-Суу ж-а Норуз сууларынын алабында, деңиз деңг. 900–1600 м бийикте жайгашкан. Жерг. элге илгертен белгилүү, геол. чалгындоо иштери 1945- ж-а 1955-ж. жүргүзүлгөн. Кен аймагында палеоген м-н неогендин чөкмө тектери жатат. Туздуу катмарлар көгүш боз түстөгү туздуу чопо, мергель ж-а чополуу гипстен түзүлүп, брахиантикиналдын борборунан орун алган. Алардын калыңдыгы 500 мден ашык. Туз негизинен мирабилит м-н галиттен туруп, калыңдыгы ондогон мге жетет. Линза, кабат, уя түрүндө кездешет. Туз бронх астмасын дарылоого пайдаланылат. 1995-ж. 2 миң т казып алынган. 1996-ж. 1- январына карата калган запасы 87 миң т.