ЖЕНЕВА МАКУЛДАШУУЛАРЫ 1: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:26, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЖЕНЕ́ВА МАКУЛДАШУУЛАРЫ (1954) Инди- Кытайдагы согуштук аракеттерди токтотуу ж-а Корея маселесин тынчтык жолу м-н жөнгө салуу б-ча 1954-ж. 26-апрелден 21-июлга чейин Женевада СССР, КЭР, Улуу Британия, АКШ ж-а Франциянын тышкы иштер министрлеринин кеңешмесинде кабыл алынган. Инди-Кытай ж-дөгү маселени талкуулоого, о. эле КЭР, Вьетнам Демокр. Респ., Камбожа, Лаос ж-а Түш. Вьетнам мамлекеттеринин өкүлдөрү катышкан. Ж. м. Франциянын Вьетнам, Лаос ж-а Камбожага каршы 1945-жылдын сентябрынан жүргүзүп келаткан согушун токтотту. Инди-Кытай өлкөлөрүнүн көз карандысыздыгын, биримдигин, толук эркиндигин урматтоо, ички иштерине кийлигишпөө принциптеринин негизинде үч өлкөнүн ар биринде жалпы шайлоо өткөрүү каралган, бул мамлекеттердин аймагына чет өлкөлүк согуш базаларын курууга, алардын согуш блокторуна катышуусуна тыюу салуу белгиленген. Бул иш-чаралардын аткарылышын көзөмөлдөөгө Индия, Польша ж-а Канада мамлекеттеринин өкүлдөрүнөн эл аралык комиссия түзүлгөн. Инди-Кытайда согуш токтотулгандан кийин Камбожа (1955) м-н Лаосто (1958) шайлоолор болгон; бирок 1956-жылдын июлуна белгиленген жалпы шайлоонун негизинде Вьетнамды бириктирүү иши АКШ колдогон Түш. Вьетнамдын каршылыгынан улам жүзөгө ашпай калган. 1964–65-ж. Инди-Кытайда башталган АКШнын согуштук аракеттери Ж. м-н одоно түрдө бузган, к. Вьетнам согуштары.