ЖЕҢИЖОК: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:26, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЖЕҢИЖОК (өз аты-жөнү – Көкө уулу Өтө; 1860, Талас өрөөнү, азыркы Манас р-ну, Покровка кыш. – 1918, Аксы р-ну, Кара-Суу айылы) – кыргыз элинин актаңдай акындарынын бири.

Бала кезинен ата-энесинен ажырап, аталаш агасынын колунда чоңойгон. Кийин Аксыдагы таякелерине барып, ошол жерде өмүрүнүн акырына чейин жашаган. Ж. Аксыда Нурмолдодон таалим алып, кат-сабатын жойгон. Акын Кырг-н Россиянын курамында баскынчылык саясаттын азабын Ж-тун кайталангыс акындык чыг-лыгы ачылган. Жазма ад-ттан азыктанып, көркөм сөздүн маани-мазмунун терең түшүнгөн Ж. өзүнүн жеке пенделик кайгы-касиретин ырга кошуудан тартынган эмес, баласы жоктугун, айыкпас дарттан азап чеккенин ал олуттуу түр м-н көркөмдөп чыккан. Кыргыз элдик оозеки чыг-лыгында арыз-арман негизинен салттуу формаларда чагылдырылган. Ж. ушул көнүмүш салтты бузуп, өзүнүн жеке пенделик арманынан да чоң көркөмдүк маани-мазмун таба алгандыгы анын «Жалгыз тал менен сүйлөшүү», «Балам жок» деген ырларынан көрүнүп турат. Ж. өзүнүн замандаш акындарынын бир тобу м-н айтышкан. Анын Нурмолдо, Эсенаман, Барпы, Эшмамбет ж. б. акындар м-н айтышы белгилүү. Нурмолдо м-н негизинен табышмак айтыш үстөмдүк кылса, Эсенаман м-н болгон айтышта сөз тапкычтыгы аркылуу жеңип чыккан. Барпы м-н айтышта негизинен аалам, дүйнө кубулуштары, жер үстүндөгү жан-жаныбарлар сапаттары сыпатталып айтылат. Ж-тун чыгармаларында санат-насыят ырлары да басымдуу. Акын ар бир муун өкүлүнүн, жаш м-н карынын адеп-ыйман- Жеңижок. Р. Исаков тарткан сүрөт. тарт ып калган мезгилде өмүр кечирген. Социалдык дык тартиби тууралуу ой жүгүртөт. Анын көркөмдүк жактан мыкты чыгармалары учурунда теңсиздикке капталган карапайым калктын саясий сезими ойгонуп, баскынчылык саясатка нааразычылыгы ачыкка чыга баштаган мезгилде. Ж. өз доорунун орчундуу көйгөйүнөн четте калган эмес. Табият, жашоо-тиричилик ж-а адам баласынын коомдогу орду, өмүрүнүн маани-маңызы акындын чыгармаларында жогорку көркөмдүктө чечмеленген. Буга анын «Айт, айт десе», «Дүнүйө», «Замана» деген ырлары мисал. Дүйнө тааныткыч, идеялык-көркөмдүк жагынан акындык чыг-лыгынын нукура берметтеринен болгон классикалык ырларынын бири – «Аккан суу». Ж. аккан сууну жердин жети кабатынан жанып чыккан керемет күч, адам баласынын жашоосуна дем берген улуу кыймылдын белгиси катары мүнөздөйт. «Аккан сууну» Ж. замандаштарынын эскерүүсүндө жети күн, бир түн тынбай айткан. Ж-тун «Аккан суусу» Барпынын, Токтогулдун аты уйкаш ырларынан кадыресе айырмаланып турат. Ж-тун кыргыз поэзиясында ээлеген орду ириде анын филос. чыгармаларына байланыштуу. Акын мейли аккан сууну ырдайбы же замана темасына кайрылабы, пенделик кайгы-касыретин ырга кошобу – баарында тең анын инсандык өзүнчөлүгү таасын билинет, ар бир сап, акындык табылга Ж-ко гана тиешелүү экени көрүнүп турат. Ж. табиятынан ыр жандуу, көркөм өнөргө шыктуу болгон. Сабаты ачылган Ж. айрым чыгыш акындарынын, араб дин таануучуларынын эмгектери м-н таанышууга мүмкүнчүлүк алган. Мына ушул эки өңүттөн – оозеки ж-а жазма ад-ттын ыктуу ашташынан бааланбай, жыйналбай калган. Ж-тун: «Алган жарым тул калды, Ак куржун толо ыр калды» деген ыр саптары бекер жеринен айтылбаган. Ал – акындын ыймандай сыры, арылбас арманы. Акындын чыгармаларын А. Жусупбеков жыйнап, 1982-ж. «Жеңижок» деген ат м-н жарыкка чыккан. «Залкар акындар» сериясынын 2 томдугуна КР УИАнын Кол жазмалар фонду сундагы м ате риалдардын неги зинде түзүлгөн жыйнак 2000-ж. жарык көргөн. О. эле 2006-ж. «Улуттук дөөлөт, рухий мурас – Улуу кыргыз көчү» элдик жүрүштүн алкагында улуу акындын 140 жылдыгына карата тандалмалары жарык көрдү. Аксы р-нун Кара-Суу айлындагы мектепке анын ысмы берилип, айкели тургузулган, музейи бар.
Ад.: Акыев К. Баскан жол. Ф., 1964; Айтыштар, 1-т. Ф., 1972; Эл ырчылары / Түзгөн С. Кайыпов. Ф., 1981; Акындар чыгармачылыгынын тарыхынын очерктери. Ф., 1988; Жеңижок / Түзгөн А. Жусупбеков. Б., 2006. А. Обозканов.