ГУР-ЭМИР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
vol2_>KadyrM
No edit summary
1 сап: 1 сап:
'''ГУР-ЭМИР ''' (Эмирдин мавзолейи) – 15-к-дын башында Самаркандда курулган эӊ атактуу арх-ралык эстелик. Анын арх-ралык формалары бири-бирине шайкеш, санжыргалуу, салабаттуу ж-а кооз. Г.-Э. Тимурдун небереси, мураскор ханзаада Мухаммед-Султандын аты м-н байланышкан ансамблге кирет. 1403-ж. Мухаммед-Султан жортуул убагында Иранда каза болгон. Сөөгү Самаркандга жеткирилип, убактылуу ханакага коюлат. Ошондо Тимур сөөк койчу склепи бар чоӊ мавзолей курууга буйрук берет. Мавзолейдин курулушу бүтө электе эле Тимур каза (1405) болуп, анын сөөгү да убактылуу ханакага (ханзааданын жанына) коюлат. Мавзолей бүткөндөн кийин ичине Тимурдун, анын чыгыш жак жанына Мухаммед-Султан, Тимурдун оӊ жагына балдары Мираншах м-н Шахрух, кийинчерээк чоӊ атасынын аяк жагына Улугбектин (Тимурдун небереси) сөөктөрү коюлган. Мавзолейге Тимурдун тукумдары гана коюлгандыктан, Г.-Э. аталып калган. Улугбек Самаркандды башкарып турганда бир катар иштер жүргүзүлүп, кошумча курулуштар бүткөрүлгөн. Тимурга нефриттен эстелик жасалып, арабча жазуулар түшүрүлгөн. 1924-жылдан мавзолейдин тегерегинде чоӊ ремонт-реставрация иштери жүргүзүлгөн. Мавзолейге жүргүзүлгөн казуу иштери (1941), о. эле жаӊы жазма маалыматтар анын аймагындагы курулуштардын пайда болуу тарыхынын ж-а кийинки тагдырынын татаал маселелеринин чечилишине мүмкүндүк берген.

Ад.: ''Умняков И., Алескеров Ю''. Самарканд. Таш., 1967. ''Ч. Жумагулов''.

[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

10:02, 22 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГУР-ЭМИР (Эмирдин мавзолейи) – 15-к-дын башында Самаркандда курулган эӊ атактуу арх-ралык эстелик. Анын арх-ралык формалары бири-бирине шайкеш, санжыргалуу, салабаттуу ж-а кооз. Г.-Э. Тимурдун небереси, мураскор ханзаада Мухаммед-Султандын аты м-н байланышкан ансамблге кирет. 1403-ж. Мухаммед-Султан жортуул убагында Иранда каза болгон. Сөөгү Самаркандга жеткирилип, убактылуу ханакага коюлат. Ошондо Тимур сөөк койчу склепи бар чоӊ мавзолей курууга буйрук берет. Мавзолейдин курулушу бүтө электе эле Тимур каза (1405) болуп, анын сөөгү да убактылуу ханакага (ханзааданын жанына) коюлат. Мавзолей бүткөндөн кийин ичине Тимурдун, анын чыгыш жак жанына Мухаммед-Султан, Тимурдун оӊ жагына балдары Мираншах м-н Шахрух, кийинчерээк чоӊ атасынын аяк жагына Улугбектин (Тимурдун небереси) сөөктөрү коюлган. Мавзолейге Тимурдун тукумдары гана коюлгандыктан, Г.-Э. аталып калган. Улугбек Самаркандды башкарып турганда бир катар иштер жүргүзүлүп, кошумча курулуштар бүткөрүлгөн. Тимурга нефриттен эстелик жасалып, арабча жазуулар түшүрүлгөн. 1924-жылдан мавзолейдин тегерегинде чоӊ ремонт-реставрация иштери жүргүзүлгөн. Мавзолейге жүргүзүлгөн казуу иштери (1941), о. эле жаӊы жазма маалыматтар анын аймагындагы курулуштардын пайда болуу тарыхынын ж-а кийинки тагдырынын татаал маселелеринин чечилишине мүмкүндүк берген.

Ад.: Умняков И., Алескеров Ю. Самарканд. Таш., 1967. Ч. Жумагулов.