ЖАДИД МЕКТЕПТЕРИ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>ЖАДИД МЕКТЕПТЕРИ , </b>у с у л и ж а д и д – 19–20-к-дын аралыгында Волга боюнда, Кав&shy;каз, Түркстан, Кырг-н, Казакстанда ачылган мектептер. Ислам дининин идеологиясында ка&shy;лыптанып калган эски ыкмадагы ж-а мазмун&shy;дагы схоластикалык мектептердин (мис., «усу&shy;ли кадим») ишин сынга алган жадидчилер жал&shy;пы мектеп системасын ошол мезгилдин талабы&shy;на ылайык өзгөртүүгө аракеттенишкен (к. <i>Жа&shy;дидизм</i>). Жадидизмди негиздеген педагог, агар&shy;туучу Исмаил <i>Гаспринский</i> ж-а аны колдоочу&shy;лар жаңы үлгүдөгү реформаны ишке ашыруу максатында 25 миңден ашуун мектептерди ачыш-
<b type='title'>ЖАДИД МЕКТЕПТЕРИ , </b>у с у л и ж а д и д – 19–20-кылымдардын аралыгында Волга боюнда, Кав&shy;каз, Түркстан, Кыргызстан, Казакстанда ачылган мектептер. Ислам дининин идеологиясында ка&shy;лыптанып калган эски ыкмадагы ж-а мазмун&shy;дагы схоластикалык мектептердин (мисалы, «усу&shy;ли кадим») ишин сынга алган жадидчилер жал&shy;пы мектеп системасын ошол мезгилдин талабы&shy;на ылайык өзгөртүүгө аракеттенишкен (к. <i>Жа&shy;дидизм</i>). Жадидизмди негиздеген педагог, агар&shy;туучу Исмаил <i>Гаспринский</i> ж-а аны колдоочу&shy;лар жаңы үлгүдөгү реформаны ишке ашыруу максатында 25 миңден ашуун мектептерди ачышкан. Жадид мектеби биринчи жолу Крымда ачы&shy;лып (1884), кийин Түркстанга тараган. Анда мурда колдонулуп келген тамгалык-муундук усулдун ордуна тыбыштык-добуштук усул ж-а түшүндүрмө окуусу киргизилип, мындай ыкма м-н балдардын окуу ж-а жазуу сабаты тез жо&shy;юлган. Жаңы усул боюнча мектептерде парта, дос&shy;ка пайдаланылып (мурда тизелеп отурушуп, тактачага, тери бетине, кой же уйдун далы сөөк&shy;төрүнө жазышкан), географиялык карталар колдонул&shy;ган. Жадид мектептеринин ачылышына адегенде Пишпек, Токмок ж-а Каракол шаарларына Казан, Уфа шаарларынан 1901–02-жылдарда келишкен татар агартуучулары де&shy;милгечи болушкан. Кийин кичине айылдарда да пайда болуп, 1909-жылы Чоң Кеминде <i>Шабдан</i> Жантай уулу «Шабдан медресесин», 1912-жылы Калпа ажы Курткада, Ыбыке уулу <i>Канат</i> м-н Өтөмбай Төрөгелдин манап Кочкор өрөөнүндө, Мали уулу Сагаалы Тоң болуштугундагы Туу&shy;ра-Сууда (ал мектепте Казан м-н Уфадан билим алып келген И. <i>Арабаев</i> мугалимдик кылган), 1911-жылы Тооке уулу <i>Байзак</i> м-н Курман манап Жумгалда «Курмандын мектебин», <i>Дүр</i> Соо&shy;ронбай уулу Чүйдө ж. б. жерлерде ачылган. Коч&shy;кордогу Ыбыке уулу Канат ачкан мектеп-мед&shy;ресе Талды-Булак деген жерде жыгачтан салы&shy;нып, он бөлмөдөн турган. Алыстан келген бал&shy;дар үчүн медресенин алдында жатакана да бол&shy;гон. Анда Уфадагы «Галия» медресесин бүтүрүп келген Канаттын Ыскак деген уулу сабак бер&shy;ген. Ал эми Жумгалдагы Курмандын он бөлмө&shy;лүү, асты тактайланган мектебинде 100дөй ба&shy;ла окуган. Чүйдүн Сайлык айылында салынган Дүрдүн мектебинин пайдубалы кыш, таштан са&shy;лынып, жыгач материалдар м-н курулуп, үстү тунуке м-н жабылган. Бул мектепте Түндүк Кыргызстан&shy;дын ар кайсы аймактарынан балдар келип оку&shy;шуп, ошол мектептин жатаканасында туруш&shy;кан. Ош шаарында Фазылбек Касымов тарабынан мектеп ачылып, 60тан ашуун бала, Кара-Суу&shy;дагы мектепте 20дай бала окуган. Куршабда (Өзгөн) Эраалы миңбашы Ташкенттен Гулан Зафари деген мугалим алдырып, мектеп ачса, Өзгөндүн өзүндө 1907-жылы Факриддин, Рахим молдолордун демилгеси м-н ачылган. Жалал- Абадда Мырзакул болуш Жадид мектептери үчүн атайын имарат салдырып, Бухарадан мугалимдерди алдырып, окууга шыктуу балдар үчүн билим алууга ыңгайлуу шарттарды түзгөн. Наманган&shy;дагы атактуу Молдо Кыргыз медресесинде <i>Нур&shy;молдо</i> Наркул уулу бир топ жылдар эмгекте&shy;нип, кийин Ала-Бука, Аксы аймактарында жаңы усулдагы мектеп-медреселерде дин окуу&shy;су м-н катар эле «алхоризмий» деп аталган эсеп, «айнаме» деп аталган агрономия, айыл чарба мүнөзүн&shy;дөгү сабактарды, чыгыш классиктеринин чыгар&shy;маларын, ошондой эле алгачкылардан болуп, кыргыз тилинде билим берип, «Манас» айттырып окут&shy;кан. 1905–06-жылдарда Жети-Өгүздүн Сары-Жон жай&shy;лоосунда элдин көмөгү м-н <i>Алдаш Молдо</i> бала окутуу үчүн боз үйдө мектеп ачкан. Ал жалпы билим берүүчү сабактар м-н катар эле эне тилин окутууну көздөп, биринчи жолу араб арибинин негизинде кол жазма түрүндө кыргызча <i>«Алип&shy;пе»</i> түзүп, бул туңгуч окуу куралы аркылуу бал&shy;дардын сабатын ачып, аларды жазганга үйрөт&shy;көн. Алдаш Молдо түзгөн «Алиппени» башка мугалимдер көчүрүп алып, жер-жерлерде сабак берүүдө колдонушкан. Кийин анын тажрыйба&shy;сын И. Арабаев улантып, Уфада Сарсакеев де&shy;ген казак студент м-н бирге, биринчи жолу кыргыз, казак балдарына арналган «Алип-бээ жаки төтө окуу» аттуу китебин жазып, аны 1911-жылы «Шарк» басмасынан чыгарышкан. Көп өтпөй эле ал «Жазуу өрнөктөрү» (сулуу жазуу&shy;нун үлгүлөрү) деген окуу куралын 1912-жылы Орен&shy;бург шаарында чыгарган. Бул китептер казак, кыр&shy;гыз мектептеринде чоң ийгилик м-н пайдала&shy;нылган. Жаңы усулдагы мектептерде материал&shy;дык, окуу-педагогикалык жактан, о. эле педа&shy;гог адистердин аз болгондугунан кыргыз балда&shy;ры кыйналып окушкан. Бирок буга карабастан, диний сабактар м-н катар жарандык (светтик) багыттагы билимдин берилиши, кыргыз элинин тарыхындагы олуттуу окуялардан болгон. Ушул мектептер аркылуу Россиядагы мусулман кал&shy;кы, анын ичинде кыргыздар да европалык цивилизация м-н тааныша баштаган. Жадид мектептери Кыргызстанда 20-кылымдын башында билим берүүнүн өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон. Мектептин бүтүрүүчүлөрү кийин кыргыздын алдыңкы интеллигенциясынын не&shy;гизин түзгөн.
 
 
кан. Ж. мектеби биринчи жолу Крымда ачы&shy;лып (1884), кийин Түркстанга тараган. Анда мурда колдонулуп келген тамгалык-муундук усулдун ордуна тыбыштык-добуштук усул ж-а түшүндүрмө окуусу киргизилип, мындай ыкма м-н балдардын окуу ж-а жазуу сабаты тез жо&shy;юлган. Жаңы усул б-ча мектептерде парта, дос&shy;ка пайдаланылып (мурда тизелеп отурушуп, тактачага, тери бетине, кой же уйдун далы сөөк&shy;төрүнө жазышкан), геогр. карталар колдонул&shy;ган. Ж. м-нин ачылышына адегенде Пишпек, Токмок ж-а Каракол ш-на Казан, Уфа ш-нан 1901–02-ж. келишкен татар агартуучулары де&shy;милгечи болушкан. Кийин кичине айылдарда да пайда болуп, 1909-ж. Чоң Кеминде <i>Шабдан</i> Жантай уулу «Шабдан медресесин», 1912-ж. Калпа ажы Курткада, Ыбыке уулу <i>Канат</i> м-н
Өтөмбай Төрөгелдин манап Кочкор өрөөнүндө, Мали уулу Сагаалы Тоң болуштугундагы Туу&shy;ра-Сууда (ал мектепте Казан м-н Уфадан билим алып келген И. <i>Арабаев</i> мугалимдик кылган), 1911-ж. Тооке уулу <i>Байзак</i> м-н Курман манап Жумгалда «Курмандын мектебин», <i>Дүр</i> Соо&shy;ронбай уулу Чүйдө ж. б. жерлерде ачылган. Коч&shy;кордогу Ыбыке уулу Канат ачкан мектеп-мед&shy;ресе Талды-Булак деген жерде жыгачтан салы&shy;нып, он бөлмөдөн турган. Алыстан келген бал&shy;дар үчүн медресенин алдында жатакана да бол&shy;гон. Анда Уфадагы «Галия» медресесин бүтүрүп келген Канаттын Ыскак деген уулу сабак бер&shy;ген. Ал эми Жумгалдагы Курмандын он бөлмө&shy;лүү, асты тактайланган мектебинде 100дөй ба&shy;ла окуган. Чүйдүн Сайлык айылында салынган Дүрдүн мектебинин пайдубалы кыш, таштан са&shy;лынып, жыгач материалдар м-н курулуп, үстү тунуке м-н жабылган. Бул мектепте Түн. Кырг-н&shy;дын ар кайсы аймактарынан балдар келип оку&shy;шуп, ошол мектептин жатаканасында туруш&shy;кан. Ош ш-нда Фазылбек Касымов тарабынан мектеп ачылып, 60тан ашуун бала, Кара-Суу&shy;дагы мектепте 20дай бала окуган. Куршабда (Өзгөн) Эраалы миңбашы Ташкенттен Гулан Зафари деген мугалим алдырып, мектеп ачса,
Өзгөндүн өзүндө 1907-ж. Факриддин, Рахим молдолордун демилгеси м-н ачылган. Жалал- Абадда Мырзакул болуш Ж. м. үчүн атайын имарат салдырып, Бухарадан мугалимдерди алдырып, окууга шыктуу балдар үчүн билим алууга ыңгайлуу шарттарды түзгөн. Наманган&shy;дагы атактуу Молдо Кыргыз медресесинде <i>Нур&shy;молдо</i> Наркул уулу бир топ жылдар эмгекте&shy;нип, кийин Ала-Бука, Аксы аймактарында жаңы усулдагы мектеп-медреселерде дин окуу&shy;су м-н катар эле «алхоризмий» деп аталган эсеп,
«айнаме» деп аталган агрономия, а. ч. мүнөзүн&shy;дөгү сабактарды, чыгыш классиктеринин чыгар&shy;маларын, о. эле алгачкылардан болуп, кыргыз тилинде билим берип, «Манас» айттырып окут&shy;кан. 1905–06-ж. Жети-Өгүздүн Сары-Жон жай&shy;лоосунда элдин көмөгү м-н <i>Алдаш Молдо</i> бала окутуу үчүн боз үйдө мектеп ачкан. Ал жалпы билим берүүчү сабактар м-н катар эле эне тилин окутууну көздөп, биринчи жолу араб арибинин негизинде кол жазма түрүндө кыргызча <i>«Алип&shy;пе»</i> түзүп, бул туңгуч окуу куралы аркылуу бал&shy;дардын сабатын ачып, аларды жазганга үйрөт&shy;көн. Алдаш Молдо түзгөн «Алиппени» башка мугалимдер көчүрүп алып, жер-жерлерде сабак берүүдө колдонушкан. Кийин анын тажрыйба&shy;сын И. Арабаев улантып, Уфада Сарсакеев де&shy;ген казак студент м-н бирге, биринчи жолу кыргыз, казак балдарына арналган «Алип-бээ жаки төтө окуу» аттуу китебин жазып, аны 1911-ж. «Шарк» басмасынан чыгарышкан. Көп
өтпөй эле ал «Жазуу өрнөктөрү» (сулуу жазуу&shy;нун үлгүлөрү) деген окуу куралын 1912-ж. Орен&shy;бург ш-нда чыгарган. Бул китептер казак, кыр&shy;гыз мектептеринде чоң ийгилик м-н пайдала&shy;нылган. Жаңы усулдагы мектептерде материал&shy;дык, окуу-педагогикалык жактан, о. эле педа&shy;гог адистердин аз болгондугунан кыргыз балда&shy;ры кыйналып окушкан. Бирок буга карабастан, диний сабактар м-н катар жарандык (светтик) багыттагы билимдин берилиши, кыргыз элинин тарыхындагы олуттуу окуялардан болгон. Ушул мектептер аркылуу Россиядагы мусулман кал&shy;кы, а. и. кыргыздар да европ. цивилизация м-н тааныша баштаган. Ж. м. Кырг-нда 20-к-дын башында билим берүүнүн өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон. Мектептин бүтүрүүчүлөрү кийин кыргыздын алдыңкы интеллигенциясынын не&shy;гизин түзгөн.
 
 


Ад.: <i>Измайлов А. Э.</i> Очерки по истории советской
Ад.: <i>Измайлов А. Э.</i> Очерки по истории советской
школы в Киргизии. Ф., 1967; <i>Машкевич А. А.</i> Выдаю&shy;щийся просветитель Исмаил Гаспринский и развитие прогрессивной педагогической мысли народов Востока во второй половине XIX века. Алматы, 2002; <i>Байга&shy;зиев С</i>. Ала-Тоодогу агартуунун тарыхынын кыскача очерки. XVII кылымдан 1917-жылга чейин. Б., 2005.
школы в Киргизии. Ф., 1967; <i>Машкевич А. А.</i> Выдаю&shy;щийся просветитель Исмаил Гаспринский и развитие прогрессивной педагогической мысли народов Востока во второй половине XIX века. Алматы, 2002; <i>Байга&shy;зиев С</i>. Ала-Тоодогу агартуунун тарыхынын кыскача очерки. XVII кылымдан 1917-жылга чейин. Б., 2005.
<i>А. Кубатова.</i> [[Категория:3-том, 215-326 бб]]


<i>А. Кубатова.</i>
[[Категория:3-том, 215-326 бб]]

08:21, 30 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы

ЖАДИД МЕКТЕПТЕРИ , у с у л и ж а д и д – 19–20-кылымдардын аралыгында Волга боюнда, Кав­каз, Түркстан, Кыргызстан, Казакстанда ачылган мектептер. Ислам дининин идеологиясында ка­лыптанып калган эски ыкмадагы ж-а мазмун­дагы схоластикалык мектептердин (мисалы, «усу­ли кадим») ишин сынга алган жадидчилер жал­пы мектеп системасын ошол мезгилдин талабы­на ылайык өзгөртүүгө аракеттенишкен (к. Жа­дидизм). Жадидизмди негиздеген педагог, агар­туучу Исмаил Гаспринский ж-а аны колдоочу­лар жаңы үлгүдөгү реформаны ишке ашыруу максатында 25 миңден ашуун мектептерди ачышкан. Жадид мектеби биринчи жолу Крымда ачы­лып (1884), кийин Түркстанга тараган. Анда мурда колдонулуп келген тамгалык-муундук усулдун ордуна тыбыштык-добуштук усул ж-а түшүндүрмө окуусу киргизилип, мындай ыкма м-н балдардын окуу ж-а жазуу сабаты тез жо­юлган. Жаңы усул боюнча мектептерде парта, дос­ка пайдаланылып (мурда тизелеп отурушуп, тактачага, тери бетине, кой же уйдун далы сөөк­төрүнө жазышкан), географиялык карталар колдонул­ган. Жадид мектептеринин ачылышына адегенде Пишпек, Токмок ж-а Каракол шаарларына Казан, Уфа шаарларынан 1901–02-жылдарда келишкен татар агартуучулары де­милгечи болушкан. Кийин кичине айылдарда да пайда болуп, 1909-жылы Чоң Кеминде Шабдан Жантай уулу «Шабдан медресесин», 1912-жылы Калпа ажы Курткада, Ыбыке уулу Канат м-н Өтөмбай Төрөгелдин манап Кочкор өрөөнүндө, Мали уулу Сагаалы Тоң болуштугундагы Туу­ра-Сууда (ал мектепте Казан м-н Уфадан билим алып келген И. Арабаев мугалимдик кылган), 1911-жылы Тооке уулу Байзак м-н Курман манап Жумгалда «Курмандын мектебин», Дүр Соо­ронбай уулу Чүйдө ж. б. жерлерде ачылган. Коч­кордогу Ыбыке уулу Канат ачкан мектеп-мед­ресе Талды-Булак деген жерде жыгачтан салы­нып, он бөлмөдөн турган. Алыстан келген бал­дар үчүн медресенин алдында жатакана да бол­гон. Анда Уфадагы «Галия» медресесин бүтүрүп келген Канаттын Ыскак деген уулу сабак бер­ген. Ал эми Жумгалдагы Курмандын он бөлмө­лүү, асты тактайланган мектебинде 100дөй ба­ла окуган. Чүйдүн Сайлык айылында салынган Дүрдүн мектебинин пайдубалы кыш, таштан са­лынып, жыгач материалдар м-н курулуп, үстү тунуке м-н жабылган. Бул мектепте Түндүк Кыргызстан­дын ар кайсы аймактарынан балдар келип оку­шуп, ошол мектептин жатаканасында туруш­кан. Ош шаарында Фазылбек Касымов тарабынан мектеп ачылып, 60тан ашуун бала, Кара-Суу­дагы мектепте 20дай бала окуган. Куршабда (Өзгөн) Эраалы миңбашы Ташкенттен Гулан Зафари деген мугалим алдырып, мектеп ачса, Өзгөндүн өзүндө 1907-жылы Факриддин, Рахим молдолордун демилгеси м-н ачылган. Жалал- Абадда Мырзакул болуш Жадид мектептери үчүн атайын имарат салдырып, Бухарадан мугалимдерди алдырып, окууга шыктуу балдар үчүн билим алууга ыңгайлуу шарттарды түзгөн. Наманган­дагы атактуу Молдо Кыргыз медресесинде Нур­молдо Наркул уулу бир топ жылдар эмгекте­нип, кийин Ала-Бука, Аксы аймактарында жаңы усулдагы мектеп-медреселерде дин окуу­су м-н катар эле «алхоризмий» деп аталган эсеп, «айнаме» деп аталган агрономия, айыл чарба мүнөзүн­дөгү сабактарды, чыгыш классиктеринин чыгар­маларын, ошондой эле алгачкылардан болуп, кыргыз тилинде билим берип, «Манас» айттырып окут­кан. 1905–06-жылдарда Жети-Өгүздүн Сары-Жон жай­лоосунда элдин көмөгү м-н Алдаш Молдо бала окутуу үчүн боз үйдө мектеп ачкан. Ал жалпы билим берүүчү сабактар м-н катар эле эне тилин окутууну көздөп, биринчи жолу араб арибинин негизинде кол жазма түрүндө кыргызча «Алип­пе» түзүп, бул туңгуч окуу куралы аркылуу бал­дардын сабатын ачып, аларды жазганга үйрөт­көн. Алдаш Молдо түзгөн «Алиппени» башка мугалимдер көчүрүп алып, жер-жерлерде сабак берүүдө колдонушкан. Кийин анын тажрыйба­сын И. Арабаев улантып, Уфада Сарсакеев де­ген казак студент м-н бирге, биринчи жолу кыргыз, казак балдарына арналган «Алип-бээ жаки төтө окуу» аттуу китебин жазып, аны 1911-жылы «Шарк» басмасынан чыгарышкан. Көп өтпөй эле ал «Жазуу өрнөктөрү» (сулуу жазуу­нун үлгүлөрү) деген окуу куралын 1912-жылы Орен­бург шаарында чыгарган. Бул китептер казак, кыр­гыз мектептеринде чоң ийгилик м-н пайдала­нылган. Жаңы усулдагы мектептерде материал­дык, окуу-педагогикалык жактан, о. эле педа­гог адистердин аз болгондугунан кыргыз балда­ры кыйналып окушкан. Бирок буга карабастан, диний сабактар м-н катар жарандык (светтик) багыттагы билимдин берилиши, кыргыз элинин тарыхындагы олуттуу окуялардан болгон. Ушул мектептер аркылуу Россиядагы мусулман кал­кы, анын ичинде кыргыздар да европалык цивилизация м-н тааныша баштаган. Жадид мектептери Кыргызстанда 20-кылымдын башында билим берүүнүн өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон. Мектептин бүтүрүүчүлөрү кийин кыргыздын алдыңкы интеллигенциясынын не­гизин түзгөн.

Ад.: Измайлов А. Э. Очерки по истории советской школы в Киргизии. Ф., 1967; Машкевич А. А. Выдаю­щийся просветитель Исмаил Гаспринский и развитие прогрессивной педагогической мысли народов Востока во второй половине XIX века. Алматы, 2002; Байга­зиев С. Ала-Тоодогу агартуунун тарыхынын кыскача очерки. XVII кылымдан 1917-жылга чейин. Б., 2005.

А. Кубатова.