Part2 327-бет: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
Part2 556-бет

унда калыңдыгы 1–2,5 км келген катмар (чыккан теги белгисиз, «экинчи» кабат деп аталат) жатат. «Базальт» кабатынын калыңдыгы океан түбүндө 5 кмге жетет. Жер кыртышы м-н м а н т и я н ы н ортосундагы сейсмикалык ыкмалардын негизинде аныкталган чек ара Мохоровичич бети деп аташат. Муну Мохо чеги же Мохо бети деп да айтышат. Мохо бетинен кийинки калыңдыгы 40 кмге жеткен катуу катмар кыртыш алдындагы катмар делет. Жер кыртышы м-н кыртыш алдындагы катмар экөө биригип, литосфераны түзөт. Мантиянын калыңдыгы 2900 км. Ал үстүнкү мантияга (субстрат; В, С) төмөнкү мантияга (Д., калыңдыгы 2000 км) ажырайт. Үстүнкү мантиянын кыртыш алдындагы катмардан кийинки кабаты астеносфера деп аталат. Ал балкып эриген абалда болот. Ж. я д р о с у н у н радиусу 3,5 миң кмге жакын. Ал сырткы ядро (Е) ж-а ички ядро (субъядро; G) болуп бөлүнөт (к. сүрөт). Аларды калыңдыгы 300 кмге жеткен өтмө зона (F) бөлүп турат (адатта муну сырткы ядрого кошушат). Ж-дин курамында Fe, O, Si, Mg басымдуулук (Ж. массасынын 90%) кылат. Жер кыртышынын жарымын кычкылтек, чейрегин кремний, бир топ бөлүгүн Al, Mg, Ca, Na ж-а K түзөт. Ядро Fe м-н Mgге бай оор минералдардан турат. Сейсмикалык толкундардын таралышынан улам сырткы ядро суюк, ал эми ички ядро (субъядро) катуу абалда деп болжолдонот.
Ж-дин геосфераларында заттар тынымсыз
кыймыл-аракетте ж-а өзгөрүүдө болот. Ж. тереңдигинде ж-а анын үстүнкү бетинде болуучу процесстер ички (эндогендик), сырткы (экзогендик) процесстерге бөлүнөт. Эндогендик процесстер жер кыртышынын айрым бөлүктөрүн арыбери же өйдө-төмөн жылдырат, деформациялайт (к. Тектоникалык кыймылдар). Тектон. кыймылдардын таасиринен магма процесси жүрөт, б. а. магма жогору көздөй көтөрүлүп, жер кыртышын түртөт же андагы жаракалар аркылуу
жер үстүнө атылат (к. Жанартоо). Тектон. деформация м-н магманын көтөрүлүшү (басым м-н темп-ранын жогорулашы) жер кыртышындагы тектердин метаморфизмделишине шарт түзөт (к. Метаморфизм). О. эле жер бети ж-а жер кыртышынын үстүнкү кабаты экзогендик процесстердин таасиринде болот. Алар экиге бөлүнөт: талкалоочу ж-а жаратуучу (талкаланган тектердин ойдуңдарга топтолушу ж-а чөкмө тектин келип чыгышы). Ички ж-а сырткы күчтөрдүн таасиринен жер бетинин түзүлүшү тынымсыз өзгөрүп турат. Материктер м-н океандар формасын бир нече жолу өзгөрткөн. Жер кыртышынын айрым бөлүктөрү көтөрүлүп, тоолор пайда болгон же басырылып ойдуңга айланган. Тектон. кыймылдардын таасиринен Жер бетинин рельефи, климаты, жаныбарлары м-н
өсүмдүктөрү өзгөрүүлөргө дуушарланган. Демек, орг. дүйнөнүн өсүп-өнүгүүсү жер бетинин өнүгүү тарыхынын негизги этаптары м-н тыгыз байланышта жүргөн. Ж. ө н д ү р ү ш к а р а ж ат ы катары – эмгек процессинин материалдык базасы, каражат өндүрүүдөгү факторлордун бири. Ж. – эл чарбасынын, өзгөчө токой ж-а а. ч-нын эң негизги табигый өндүрүш каражаты.
Ад.: Куликов К. А., Сидоренко Н. С. Планета Земля. 2-е изд. М., 1977; Бялко А. В. Наша планета Земля. 2-е изд. М., 1989; Хаин В. Е., Короновский Н. В. Планета Земля от ядра до ионосферы. М., 2007. Хаин В. Е., Ломидзе М. Г. Геотектоника с основами геодинамики. М., 2005.