ЖЕРГЕ-ТАЛ 3: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖЕРГЕ-ТАЛ – Нарын р-нундагы кыштак. Жер­ге-Тал айыл округуна караштуу. Нарын д-нын оң жээгинде, деңиз деңг. 2200 м бийиктикте жай­гашкан. Райондун борбору Нарын ш-нан 39 км түн.-батыш тарапта. Балыкчы т. ж. бекетинен 151 км. Кыштак 1931-ж. негизделген. Калкы 2907 (2007); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, кесиптик-тех. окуу жайы, мад-т үйү, китепкана, оорукана, дарыкана, мечит бар. Тур­муш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, үй­бүлөлүк врачтар тобу иштейт. Кыштакта илим­поз философ А. Табалдиев туулган.