ЖЕРГИЛИКТҮҮ ЭЛЕКТР ТАРМАГЫ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖЕРГИЛИКТҮҮ ЭЛЕ́КТР ТАРМАГЫ – чыңалуусу 35 кВга барабар электр тармагы. Ө. ж., а. ч. ж. б-ды 15–30 км аралыкта электр энергиясы м-н камсыз кылат. Ж. э. т-нын курамына подстанциялар, аба ж-а кабелдик линиялар кирет. Ал радиалдык, магистралдык ж-а туюк болушу мүмкүн. Ж. э. т-нын чыңалуусу 1 кВдан чоң болсо, 3 өткөргүчтүү, чыңалуусу 380/220 кВ же 220/127 кВ болсо 4 өткөргүчтүү (3 фазалуу өткөргүч ж-а 1 нөлдүк) деп аталат.