ЖЕРДИН ЖАСАЛМА ЖАНДООЧУЛАРЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖЕРДИН ЖАСАЛМА ЖАНДООЧУЛАРЫ – Жер орбитасына чыгарылган космосто учуучу аппараттар (космос кемеси, экипажы бар орби­талык станция ж-а автоматтык жандоочу). Автоматтык жандоочу (адам иштебей турган) башка жандоочулардан констр-сы б-ча айырма­ланат. Ж. ж. ж. орбитага биринчи космос ыл­дамдыгынан кем эмес ылдамдыкта көп баскыч­туу ракеталардын жардамы м-н чыгарылат. Ж. ж. ж. өз максаты, аткара турган милдети, орбитасы, бортундагы жабдуулардын тиби б-ча ар кандай түргө бөлүнөт. Ил.-из. жүргүзүүчү жан­доочулары Жер ж-а анын тегерегиндеги мей­киндик ж-дө маалымат алуу ж-а астрономия, биология, медицина ж. б. б-ча изилдөө жүргүзөт. Орбитасы тегерек, эллипстик, экватордук, уюл­дук ж-а туруктуу жандоочулар бар. Туруктуу жандоочу жер бетинен 35 860 км алыстыкта бир чекитте «асылып турат», алар байланыш үчүн өтө ыңгайлуу. Жандоочулардын өлчөмү, масса­сы ар түрдүү. Биринчи жандоочунун диаметри 0,58 м, массасы 83,6 кг болгон. Эң кичине жан­доочунун массасы 700 г, ал эми «Протон-4» деген жандоочунуку – 17 т. Алгачкы Ж. ж. ж-нын бири 1957-ж. 4-октябрда учурулган. Колдонмо жандоочу эл чарбасына керектүү маалымат жый­найт ж-а ракета-космостук техниканы сынайт. Байланыш жандоочу – телекөрсөтүү програм­масын берет, радио, телефон, телеграф байла­нышын камсыз кылат. Мис., «Молния» жан­доочусу КМШ өлкөлөрүнүн борб. телекөрсөтүү


Метеорологиялык жандоочу.
Байланыш жандоочусу.
Навигациялык жандоочу.
Байкоо жүргүзүүчү жандоочу.

программасын жеткирет. М е т е о р о л. ж а н­д о о ч у – Жердеги станцияга Жердин булут, кар, муз катмары, жер бетинин ж-а атм-нын темп-расы ж-дөгү маалыматты берип турат. «Космос» сериясындагы жандоочулардан, «Ти­рос», «Эсса», «Тимбус» метеорол. жандоочула­рынан алынган маалымат аба ырайын алдын ала тактайт, жакындап келаткан бороон-чап­кын ж-дө эскертет. Н а в и г а ц и я л ы к ж а н­д о о ч у – деңиз кемесинин Дүйнөлүк океанда­гы абалын аныктайт. Жердин жаратылыш бай­лыгын иликтей турган жандоочу да бар. Ал а. ч. өсүмдүгүнүн түшүмүн алдын ала айтат, пайда­луу кен чыга турган жерди, зыянкечи көп то­койду аныктап, жаратылыш чөйрөсүнүн булга­нышын көзөмөлдөйт.